БАТКЕН ОБЛУСУНДА САЯКАТТОО ҮЧҮН КАНДАЙ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАР?

  • 13.07.2023
  • 0

Окуу жылы аяктары менен сөзсүз түрдө баарыбыз үй-бүлөбүз же болбосо
досторубуз, теңтуштарыбыз ж.б. менен сейилдөөгө барганды өзүбүздүн эс
алуу планыбыздын ичине кошобуз. Кайра-кайра эс алуу жайларын,
жайлоолорду көрө берип зээриккен болсок , өзүбүздүн Баткен облусуна
саякаттоого же табигый байлыктарын көргөнү чакырууну кааладык.
Саякаттоо үчүн төмөндөгү жерлерди сунуштайбыз.

1. Туристердин кызыгуусун жараткан жайлардын бири Айгүлташ тоосу.
Айгүлташ тоосунун көркү — Айгүл гүлү. Айгүл гүлү башка аймакта
өспөгөнү менен данктуу.

2. Кан-и-Гут үңкүрү байыркы Жибек жолунун эң маанилүү этаптарынын
бири.Алгач Кан-и-Гут үңкүрү баалуу металлдардын, биринчи кезекте
күмүштүн чоң запастарын камтыган табигый үңкүр.

3. Андан ары сиз Кан чебин көрсөңүз болот.Бул Кудаяр хан чеби депда
аталган.Чеп курулган убакта ал жерде аккан суунун жоктугунан улам, хан
кол алдындагылардын баарын төмөнкү өзөндө аккан сууга чейин катар
тизип, керектелүүчү сууну колмо кол узатуу менен челектеп алдырып
турган.Тактап айтканда , Нары Тунук-Суу айылынан Коргонго чейинки
аралыкта эки катар адамдар тизилип туруп, биринчи катарда бош чака
түшүп кетип турса, экинчи катардагыларга чакалары толтурулган суу
чыгып турган.Эгерде чаканы төгүп же жалкоолонсо ал адамды эч нерсеге
карабай туруп, дубалдын үстүнө узунунан жаткызып, ылай менен кошо
чаптап салууга буйрук берген деген кептер айтылат.Бул туура же
катылыгын барып өзүнүз аныктасаныз болот.

4. Дагы бир кызыктуу жай Каравшан капчыгайы. Альпинисттердин
арасында белгилүү болгон “Пирамида” чокусу так ушул тоо
кыркаларында жайгашкан.

5. Жашоо шартыбызда же айлана-чөйрөбүздө көрүп жүргөн сүт
эмүүчүлөр,канаттуулар, жырткыч жана жерде-сууда жашоочу, сойлоп
жүрүүчү жаныбарлардан сырткары эл аралык кызыл китепке кирген,
корукка алынган, жөнөкөйлөтүп биздин диалект менен айтылганда сейрек
кездешүүчү жаныбарларды көргүңүз келсе “Саркент” мамлекеттик
жаратылыш паркына барыңыз.

6. Деңиз кургаган жерде пайда болгон Сары тоо — Мадыген геопаркы деп
аталат. Мадыген полезо тоо тектерин басып анан үстүнөн кийинки Триас,
Юра ж.б. мезгилдердин чөкмө формацияларын удаа-удаа басып жатат.
Бул аймакта жаныбарлардын, курт-кумурскалардын башкача сейрек
кездешкен, омурткалуулардын өкүлдөрүнүн издери жана калдыктары табылып, музейге коюлган. Ошондуктан геологиялык экскурсияга кызыккан геотуристерди өзүнө тартып турат. Бир-эки күндөн кийин туристтер чөлдүн ысык демин, Түркстан кыркы тоосундагы мөнгүлөрдүн
салкындыгын көрүп, сезе алышат.

7. Айкөл көлү “Саркент” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынын
түштүк-батышынан деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктиктеги аскалуу
тоо чокусунан орун алып, айланасы нивалдык-глициалдык зоокалар
менен курчалган. Көлдүн жалпы аянты – 54,6 гектарга барабар.

Кочкорбаева Эльнура, Кузиева Изозахон
БатМУ А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин 4-курсунун студенттери.

Бөлүшүү

Комментарийлер