БАСМА СӨЗ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ФУТЗАЛ МЕЛДЕШИ
- 06.11.2025
- 0
1-ноябрда Кыргыз Футбол биримдигинин футзал аянтчаларында өлкөбүздүн Журналисттер союзу коомдук бирикмеси тарабынан 7-ноябрь — басма сөз күнүнө карата медиа кызматкерлер арасында футзал боюнча “Журналисттер кубогу — 2025” аталышындагы достук мелдеши курч атаандаштык менен өттү.
-Басма сөз күнүнө арналган журналисттер арасында футбол боюнча турнир уюштурулганы бул жакшы көрүнүш. Турнир мындан ары дагы ар жыл сайын өткөрүлө беришин каалайбыз, себеби дегенде бул турнир биринчи кезекте журналисттер арасындагы тилектештикти жана биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт. Экинчиден, футбол – ден соолук, ден соолугуң болсо сергек, чыгармачыл, ишке дилгир, абдан жакшы түрткү жана өбөлгө болот. Ошон үчүн журналисттер чыгармачылык иши менен катар спортту жана ден соолукту кошо ала жүрсө, калкыбызды сергек жашоого үндөсө бул аябай жакшы саамалык. Спорт – достуктун данакери, ынтымактын башаты,-деди Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Журналисттер союзунун мурдакы төрагасы Абдыкадыр Султанбаев.
Мелдешке өлкөнүн маалымат айдыңында иш алып барган 9 команда катышып, журналисттер спорт аянтында да жигердүүлүгүн, биримдигин жана командалык духун көрсөтүштү. Турнирдин жүрүшү атаандаштык жана позитивдүү маанайга бай болду. Алгач эки топко бөлүнгөн командалардан мыктылары иргелип, финалдык оюндарга төрт команда жолдомо алышты.
Баш байге үчүн финалдык беттешүүлөрдүн жыйынтыгында биринчи орунду — 7-каналдын командасы ээледи. Экинчи орунду – УТРК командасы камсыз кылышты. Байгелүү үчүнчү орун Кыргыз спорт ТВ ыйгарылса, ал эми төртүнчү орунду — ЭлТР командасы ээледи.
УТРК командасынын оюнчусу Азиз Мамытов чеберчилиги менен айырмаланып,”мыкты чабуулчу” сыйлыгына татыктуу болду.
Кыргыз Спорт ТВ” командасынын мүчөсү, спорттук баяндамачы Адилет Керимбек уулу “мыкты оюнчу “ аталып, атайын сыйлыкка арзыды.
7-каналдын кызматкери Тагай Жыргалбеков “мыкты дарбазачы” аталып, командасынын жеңишине барандуу салым кошуп, дарбазасын мыкты коргой алды.
ЭлТР командасынын мүчөсү Адилет Асаналиев “мыкты коргоочу “ номинациясындагы сыйлыктын ээси болду.
-Мындай футбол боюнча турнирлер биринчи кезекте – журналисттердин ортосундагы ынтымакты билдирет. Экинчиден, сергек жашоого чакырат, андан кийин Журналисттер союзунун демилгени колго алганы жакшы көрүнүш. Бул мелдештин аркасында биздин журналисттердин маанайы көтөрүлүп, ден соолукту чыңдоочу маданий иш-чарага айланып калса деген тилектебиз,-деген пикирин билдирди “Кыргыз Туусу” гезитинин экс-редактору, Журналисттер союзунун этика комиссиясынын төрагасы Мырзакат Тыналиев.
— Биз УТРК кызматкерлери көп жылдан бери ар кандай футзал мелдештерине катышып жүрчү элек. Президентибиз Садыр Нургожоевдин демилгеси менен ар жылы уюштурулган “Мурас” турнирине дагы журналисттердин командасы катышып жүрөбүз. Ал эми кесиптештердин арасында мурда мындай мелдештер болгон эмес. Журналисттер союзу уюштурган алгачкы турнирге ар кыл курактагы кесиптештер катышып, башка командалардын деңгээли өскөнүнө күбө болдук. Бул мелдештин өрүшү дагы кеңейип, эмдиги жылы Ала-Тоонун аймагындагы облустардагы журналисттер командалары дагы катышса, ынтымакка данакер болот эле, -дейт УТРК командасынын аксакал оюнчусу, Кыргыз радиосунун кызматкери Жаныбек Эсеналиев.
Өлкөбүздүн Журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташевдин айтымында мындай футзал мелдеши ар жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. “ 2025-жылкы журналисттер союзунун кубогуна, басма сөз күнүнө карата уюштурулуп, жалпысынан 9 команда катышты. Кыргызстандагы медиа кызматкерлеринин арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин журналистика жана коммуникация институтунун студенттеринен түзүлгөн команда катышканы муундар ынтымагына данакер болгону менен баалуу. Бул оюнду уюштуруунун максаты- спорт менен катар журналисттерибизди сергек жашоого багыттаганбыз. Андан сырткары биздин байге фондун айта турган болсок, жалпы байге фонду: биринчи орунга – 30 миң сом, экинчи орунга – 25 миң сом, үчүнчү орунга – 15 миң сом. Командалардын капитандары кеңешип, “төртүнчү орунга да мүмкүнчүлүк берели” деп чечип, аларга дагы акчалай сыйлык ыйгарылды. Атайын Кубокторду жасаттык. Андан сырткары “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчу”, “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу” деген төрт наамдагы сыйлыктарды да даярдап, мыктыларды аныктап, аларга дагы баалуу белектер, кубоктор берилди. Ар бир жеңүүчү болгон жана байгелүү орундарды ээлеген оюнчуларга Журналисттер союзунун атынан 24 медаль жасалып, биринчи орунга алтын, экинчиге күмүш жана үчүнчү орунга коло байгелер салтанаттуу кырдаалда тапшырылды. Ошондой эле мыкты оюнчуларга жана ардагер журналисттерге белгилүү спорт журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешовдун “Ордо компани” басмаканасынан жаңы басылып чыккан сыясы кургай элек “Кыргызстандын олимпиада жылдыздары” аттуу толук түстүү китептерин да белекке бердик,-дейт Илязбек Балташев.
Футбол мелдешинин негизги максаты медиа кызматкерлеринин ортосундагы достукту жана кесиптик ынтымакты чыңдоо, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.
Журналисттер союзу мындай иш-чараларды мындан ары да салтка айландырууну жана медиа коомчулуктагы биримдикти бекемдөөнү максат кылууда.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана маалымат айдыңында кызмат кылган кесиптештерди Басма сөз күнү майрамы менен “Кут Билим” медиа борборунун атынан дагы куттуктайбыз!
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы
Комментарийлер