БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИЛИМ: 120ДАН АШЫК КЕСИП ЭЭСИ ДАЯРДАЛАТ
- 10.02.2026
- 0
Башталгыч кесиптик билим берүү боюнча жыл сайын 10 айлык жана эки жылдык программалар боюнча квалификациялуу билим алган 15 миңден ашык бүтүрүүчү эмгек рыногуна чыгат. Кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу көрсөткүчү 67%, ал эми бүтүрүүчүлөр өздөрү жаңы жумуш орундарынын 13% чейин түзөт.
Баштапкы кесиптик билим берүү, анын ичинде экономиканын негизги тармактары болгон жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, маалыматтык технологиялар, курулуш жана металл иштетүү ж.б. боюнча 95тен ашык адистикте кыска мөөнөттүү курстар уюштурулган.
Ошондой эле система инклюзивдүү билим берүүнү камсыз кылып, жетим, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жана аз камсыз болгон балдардын контингентинен жалпы санынын 10 пайызын түзөт.
2025-жылдын жыйынтыгы менен 71 кесиптик окуу жайы дуалдык билим берүү программаларын ишке ашырып, 5079 окуучуну камтууда. Өнөктөш уюмдардын б.а. ири ишканалардын саны болжол менен 170ти түзөт.
Кесиптик окуу жайларынын 93,8% киреше алып келүүчү иш-аракеттер менен алектенет. 2025-жылдын алгачкы 11 айында киреше 176,9 миллион сомду түзгөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу 93,7 миллион сомго көп.
Агартуу министрлигинин 2025-жылдагы жыйынтыгы боюнча жумушка орношуу көндүмдөрүнө муктаж болгон 10 миңден ашык жумушсуз чоңдор kesip.edu.gov.kg порталында окутулган. Жарандарды окутуу үчүн он тогуз электрондук окутуу модулу (микрокурстар) иштелип чыгып, ишке ашырылды жана алар https://academy.inaqa.com дареги боюнча онлайн режиминде күнү-түнү жеткиликтүү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер