БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИНЕ «АЛТЫН КАЗЫК» НОУТБУКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 12.02.2026
- 0
Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү тармагын санариптештирүү жана башталгыч класстарда окутуунун сапатын жогорулатуу максатында берилген «Алтын Казык» брендиндеги 412 даана ноутбук Талас районундагы жана Талас шаарындагы башталгыч класстын мугалимдерине тапшырылды.

Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар орнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.
Бул демилге мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүндө заманбап санариптик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, сабактарды интерактивдүү форматта өткөрүүгө, билим берүү процессинин сапатын арттырууга жана окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган.
Комментарийлер