БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИНЕ “АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 02.02.2026
- 0
Бүгүн, 2-февралда, республиканын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 20 286 даана “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар тапшырылды.
Иш-чарага Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин директору Касымбек Келебаев жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Министр белгилегендей, тапшырылган ноутбуктар “Алтын Казык” брендиндеги экинчи партия болуп саналат.
Ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.

Ата-мекендик ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк” мекемесинде чогултулуп, белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар орнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.

Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 031 даана “Алтын Казык” ноутбугу берилген.


Комментарийлер