Башталгыч кесиптик билим: транспорт, тейлөө, жеңил өнөр жай алдыда
- 08.09.2025
- 0
Кесиптик лицейлерге тапшырган абитуриенттердин 17,03% транспорт чөйрөсүн тандаса, 14,08% тейлөө, 14,04% жеңил өнөр жайга кызыгат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2025-2026 –окуу жылына жалпы 16 500 квота бөлүнсө, бүгүнкү күнү транспорт багытын — 2858, тейлөө жаатын — 2434, жеңил өнөр жайды — 2374, айыл чарбаны — 2128, IT – 1980, өнөр жайды – 1972, энергетиканы– 955 абитуриент тандады.
Лицейлерге катталгандардын эң көбү Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Бишкек шаарында . Ошондой эле Асыл Абдыракманова кадрларды даярдоо биринчи кезекте иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөрүн баса белгилеп, транспорт, тейлөө, жеңил өнөр жай, айыл чарба, IT чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөр эң активдүү экендигин айтты.
Эске салсак, Кыргызстанда жалпы 94 кесиптик лицей бар. Алардын 16сы Бишкек шаарында жайгашкан болсо, Чүй облусунда – 14, Ысык-Көлдө– 8, Нарында – 6, Таласта – 6, Жалал-Абадда – 18, Ошто – 14, Баткенде – 11.
14-июлда башталган башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу 12-сентябрда аяктайт. Быйыл да абитуриенттер окуу жайларга https://2020.edu.gov.kg/ сайты аркылуу онлайн тапшырууда.
Айгерим Токтобаева, “Кут БИЛИМ”
Комментарийлер