БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: БИР ЖЫЛДЫК ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
- 10.12.2025
- 0
Кыргызстанда баштапкы кесиптик билим берүү системасы акыркы жылы олуттуу жыйынтыктарга жетишти: өлкөдөгү 93 окуу жайда 27 миңден ашуун студент билим алып, 100% кабыл алуу планы аткарылды. Дуалдык окутуунун кеңейиши менен бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу 67%га жетип, миңдеген жаштар окуу менен эмгекти айкалыштырып, өз кесибин тез өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кыска мөөнөттүү курстар, эл аралык чемпионаттардагы ийгиликтер жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу — бул сектордун өсүшүн тастыктаган башкы көрсөткүчтөр.

Учурда баштапкы кесиптик билим берүү системасына 93 окуу жай кирет: Бишкек шаарында – 16, Чүйдө – 14, Ысык-Көлдө – 8, Нарында – 6, Таласта – 6, Жалал-Абадда – 18, Ошто – 14, Баткенде – 11.
2025-окуу жылынын аягында студенттердин жалпы саны 27 791 миңди түздү. 2025–2026-окуу жылына студенттерди кабыл алуу 100% аткарылды. Тагыраагы, 1-курска 16 893 студент кабыл алынды: алардын 16 500 — бюджеттик, 393 — контракттык негизде. Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу 67%. Окуучулар 120дан ашуун жумушчу кесиптер боюнча даярдалат. 
Маселен, Бишкектеги №5 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн жетимиш пайызы кесиби боюнча жумушка орношот. Окуу жайдын директору Элеонора Ишекееванын айтымында, көпчүлүк студенттер дипломду алганга чейин жумуш менен камсыз болот. Алардын бири – Рамазан Чобиев. Ал быйыл мебельщиктин адистигин аяктап, учурда “Аю-Гранд” ишканасында иштеп жатат. Рамазан бул ишканда иштөөнү былтыр эле баштап, окуу менен эмгекти айкалыштырып келген. Бул — дуалдык билим берүү системасынын жыйынтыгы.
Быйыл лицейлердин 71%-72% бул окутууну ишке ашырып, бул система аркылуу 5079дан ашык студент өндүрүштүк практика менен кошо билим алууга тартылды. №5лицейдин директору да бул системанын натыйжалулугун белгилейт. Быйыл окуу жайдын электромонтажник тайпасындагы 21 студент: анын 12си – Кыргызстандын улуттук электор тармагынын (НЭСК) Бишкек ишканасында, 9у “Ихлас” компаниясында иштеп жана окуп жатышат. 1-сентябрдан 17- ноябрга чейин теориялык окуу лицейде жүрүп, андан кийин жумасына беш күн өндүрүштө иштеп, ишемби күндөрү лицейде окуу процессин улантууда.

Электромонтажник кесиби боюнча 1-курста окуп жаткан Ибрахим Анаралиев да окуусу менен ишин айкалыштырып, “Ихлас” компаниясында эмгектенүүдө.
- Агайлар жакшы билим бергендиктен, 1-курстан эле жумуш менен камсыз болуп отурам. Бул менин алгачкы иш ордум. Азыр лицейден алган билимди практика көрүп, кесибимди кенен өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат. Негизи бул кесипке адамдын кызыгуусу болсо, жакшы каражат табууга болот. Өзүм кичинекей кезден эле кызыкчумун. Жаштарга да айтарым, өзүңөр кызыккан кесипти тандагыла!Буйруса, дагы да изденип, келечекте ушул кесиптин дагы да өркүндөтөм, — дейт окуучу.
Ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү системасында инженердик-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Педагогикалык кызматкерлердин саны 2800 болсо, 2022-2023-жылдары 57% окуудан өткөн. Ал эми 2023-2024-жылы 2110 болсо, 2024-2025-жылы 2300гө жетти.
Билим берүү процессинин ийкемдүүлүгүн камсыздоо жана ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында, модулдук жана аралык (дистанциялык) окутуу формалары онлайн форматта киргизилди.
Кыска мөөнөттүү курстар
95 кесип боюнча кыска мөөнөттүү курстар даярдалып, андагы бүтүрүүчүлөрдүн саны 12 000 адамды түздү. Маселен, №5 кесиптик лицейде электромонтажник, ширетүүчү, сантехник, столяр- мебельщик, отделочник, автослесарь, автоэлектрик, компьютердик сабаттуулук боюнча жүргүзүлөт.
2024-2025-окуу жылында эле 159 жаранды кыска мөөнөттүү курстан өткөрдү. Үч айга созулган окууда жарандар жаңы кесипке ээ боло алышат. Элеонора Ишекееванын айтымында, учурда ширетүүчүлүк, сантехник, электромонтажник кесиптерине кызыккан жарандар арбын. Окуу жайда бул курстар тынымсыз өтүп, Бишкек шаардык жана бардык райондорунун, Чүй облусунун Жумушка жайгаштыруу борборлору менен тыгыз иштешет. Ушул жылдын аягында 37 адам кыска мөөнөттүү курстарды аяктап, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат алганы турат. Билим алууну каалаган жарандар көп болгондуктан, жаңы окуу жылында дагы үч топ ачылганы турат.

Кыска мөөнөттүү курста ширетүү адистиги боюнча билим алып жаткандардын арасында Бектур Султанов да бар. Ал учурда такси айдоочусу, Аксы районуна караштуу Кербен шаарынан. Жаңы кесипти өздөштүрүп, сертификат алуу күндү чыдамсыздык менен күтүп жатат.
- Бул курс тууралуу тааныштарымдан угуп, окуп калдым. Кыргызстанда ширетүүчүлөр жетишсиз деп ойлойм, себеби биздин айылда эле бул кызматтан пайдалыш үчүн кезекке турабыз. Негиси бул кесипти жан дилим менен тандадым, буйруса жогорку деңгээлдеги ширетүүчү болом. Жакында аяктасам эле иштейин деп жатам. Аябай жогорку деңгээлде сабак беришет, агайым да абдан жакшы түшүндүрөт. Акырындап баарын үйрөнүп жатам. Билим алуу үчүн ар бир студентке заманбап шарттар түзүлгөн. Ушунча адамды окутуш оңой эмес, бизге чыдаган Эрлан агайыбызга рахмат, — деди Бектур Султанов.
Жумушсуз калкты кыска мөөнөттүү окутууга багытталган https://kesip.edu.gov.kg/ru веб-порталы да иштелип чыкты. Анда актуалдуу кесиптер боюнча көптөгөн курстар жайгашкан. Мындан сырткары, жарандар үчүн 19 микрокурс иштелип чыгып, https://academy.inaqa.com сайтына жайгаштырылды. Курстар онлайн форматта 24/7 жеткиликтүү. Бүгүнкү күндө 3603 жаран окуудан өттү: 2022–2023-жылдары — 2800адамды түзүп, алардын 894 — эркек, 2709 — аялдар болгон.

Эл аралык жетишкендиктер
2025-жылдын 14–17-апрелинде Бишкекте WorldSkills Kyrgyzstan улуттук чемпионатынын экинчи туру өтүп, жеңүүчүлөр 27–29-ноябрында Тайбэй шаарында өткөн WorldSkills Asia чемпионатына катышты. 29 өлкө катышкан чемпионатта кыргыз командасы төрт комтетенция боюнча: ашпозчу — Нурлан уулу Азат, мода технологиясы — Аймир Ренадов, ширетүү технологиясы – Мавланбек Исманов, веб технолгиясы — Тогузбаев Даниэль ат салышты. Катышуучулар Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүү үчүн күн сайын бүт күчүн жумшап, жыйынтыгында №28 лицейдин бүтүрүүчүсү Мавланбек “Best of Nation” наамына ээ болду.
Ушул жылдын 1–3-майында Абу-Даби шаарында өткөн EmiratesSkills эл аралык достук чемпионатында да кыргызстандык окуучулар 17 өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге таймашкан.
Ошондой эле Бишкектеги С №10 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуу устаты Жамиля Жуматаева жана анын окуучусу Ажара Кенешова Казакстанда өткөн “Chocolatine Kazakhstan – 2025” эл аралык чемпионатында алтын медалга ээ болушту. Жеңиш менен бирге, кыргызстандык кондитерлер 2026-жылы Францияда өтө турган World Chocolatine and Pain au Chocolat Championship дүйнөлүк чемпионатына катышуу укугун да камсыздашты.
Жайкы эс алуу кампаниясы
2025-жылы жайкы кампаниянын алкагында өлкө боюнча 1300дөн ашуун лицей окуучулары «Келечек» эмгек жана эс алуу лагерлеринде эс алышты. Лагерлер (Ысык-Көл облусу) Кош-Көл айылындагы №85 лицей жана
Токтогул районундагы — №39 лицейдин базасында уюштурулуп,
1371 арыз кабыл алынды. Лагерлерди уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 4 млн 500 миң сом бөлүндү.
Айгерим Токтобаева, “Кут БИЛИМ”
Комментарийлер