Башталгыч кесиптик билим берүү багытындагы методикалык колдонмо
- 06.12.2024
- 0
Кыргыз Жараны концепциясынын алкагында студенттердин жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу үчүн усулдук-методикалык колдонмосу Бишкек шаарындагы №98 лицейинин окутуучулары тарабынан иштелип чыкты. Ал «Китеп кербени: IT ааламында жана сулуулук тармагында” аталышындагы иш-чарада презентацияланды.
Китеп кербени — билим алуу жана маданиятты жайылтуу максатында уюштурулган.Анын негизги максаты — окуучуларга китеп окутуу, жаштарга билим берүү, адабий мурастарды сактоо жана коомду руханий жактан өстүрүү. Себеби китеп кербени аркылуу китептердин мааниси жана окуу маданияты жөнүндө окуучулар арасында түшүнүк түзүлөт.
Окуу жай Кыргыз жараны концециясынын негизинде Башталгыч кесиптик лицейлердин окуучуларынын жарандык компитенттүүлүн калыптандыруу, өнүктүрүү боюнча тарбия иштерин уюштуруу жөнүндө” методикалык колдонмо, Жаңы метод менен иштелип чыккан окуу паландары, Кесиптер боюнча иш дептерлерин иштеп чыкты.
№89 лицейдин директору Чынара Сагынбекованын айтымында, методикалык колдонмонун максаты — жаштар арасында жарандык баалуулуктарды өнүктүрүүдө жана колдоодо практикалык жардам көрсөтүү. Бул колдонмо тарбия ишинде окуучулардын жарандык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шыктандырган ар кандай ыкмалар жана куралдар спектрин сунуштайт. Ал теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыйт. Колдонмо жаштар арасында Кыргыз жараны баалуулуктарын калыптандырууга өбөлгө түзүүчү чөйрөнү түзүүдө ишенимдүү жардамчы болот.
- Жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу — бул узак жана татаал процесс, системалуу мамилени жана мамлекеттин, билим берүү мекемелеринин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылган иш. Бул процессте сиздер, мугалимдер жана устаттар, борбордук орунда турасыздар. Сиздер жөн гана билим бербей, келечек муунду өз өлкөсүнүн толук кандуу жарандары болууга жардам бересиздер. Ошондуктан, келгиле, бирге аракет кылалы, ар бир жаш кыргызстандык өзүн Кыргыз жараны — өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүшүнө умтулган, жалпы баалуулуктарды бөлүшкөн, жашоону жакшы жагына өзгөртө ала турган жараны катары сезе ала тургандай болсун, — деди.
Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев, борбордогу лицейлердин директорлору жана студенттер катышты.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу акыркы эки-үч жылда мугалимдердин квалификацияны жогорулатууну жогорку деңгээлге чыгаруу аракети жасалып жаткандыгын белгилеп, педагогикалык кадрды кайра даярдоодо Республикалык илимий-методикалык борбор 584 сааттын ичинде натыйжалуу иштерди жасап жатканына токтолду. Ошондой эле өлкөдөгү лицей, колледждердин алдында түзүлгөн 8 Алдыңкы тажрыйба борборунун катарына №89 кесиптик лицейи графикалык дизайн багытын боюнча кошулуусуна ишенерин айтты.
- Алдыңкы тажрыйба борборунун катары калыңдаса деген тилек айтып жүрдүк эле. Бул жатта окуу жай алгачкы кадамын таштап, колдонмо иштеп чыгыптыр. Анда баштан-аяк билим берүү программасынын иштелмеси жана методикалык документтер камтылган экен. Ушундай документ ар бир окуу жайда болгону жакшы. №89 лицейи графикалык дизайн багытында АТБ боло алат деп ишенем, — деди.
Эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов болсо китеп кербени долбоорун ар бир окуу жай колго алышы керектигин айтты. Себеби өнүккөн өлкөлөрдө ар бир адам жылына 28-32 китеп окуса, Кыргызстанда бул көрсөткүч 0.01ди түзөт. Бул бир жаран 1-1.5 бет китеп окуйт дегенди билдирет. Адамдын мээсинде 80-100млрдга чейинки нейрон болуп, ал качан гана китеп окуганда козголот. Ал эми уюлдук телефонду көргөндө мээге даяр образ барып, ал бат эле унутулуп калат.
Комментарийлер