БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ: АКТУАЛДУУ КЕСИПТЕР

  • 01.08.2025
  • 0

Абитуриенттер арасында автоэлектрик, ширетүүчү, сантехника адистиктерине суроо-талап көп болуп, ага бөлүнгөн квоталар бат эле толду. Курулуш тармагын тандаган кыздар да жок эмес. Бул тууралуу Бишкектеги №5 профессионалдык лицейдин директору Элеонора Ишекеева билдирди.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ: АКТУАЛДУУ КЕСИПТЕР

Окуу жай быйыл 280 абитуриентти кабыл алат. Маселен, автоэлектрикке — 90, ширетүүчүгө — 25 ж.б орун бөлүнгөн. Квоталар жумуш берүүчүлөр жана  райондук муниципалдык бөлүмдүн макулдашуусу менен учурдагы талап кылынган кесиптерге карата түзүлгөн. Учурда пландын алтымыш пайызы аткарылып, абитуриенттердин арасында автоэлектрик, ширетүү, сантехника, курулуш жасалгалоочу (отделочник), эмерек жасоочу кесиптерине суроо-талап жогору болууда.

Ошондой эле лицей убагында аттестат албай калган жарандарга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

  • Тилекке каршы, 9-классты аяктап, аттестат албай калгандар көп. Себеби  турмуш ар кандай, кээде балдар окуудан чыгып, иштөөгө мажбур болушат. Ошондуктан, биз, быйыл аттестат алууну каалаган 20жаштагы жарандар үчүн 11айлык окууну баштайбыз. Бул жакшы мүмкүнчүлүк. Жыйырмадагы баланы 9-класс менен окутуу өтө эле кыйын. Бирок, биз ар бир баланын тиешелүү документ алуусуна кам көрөбүз, — дейт Элеонора Ишекеева.

Бул окуу жайдагы дагы бир өзгөчөлүк – окуучулар акысыз корей тилин өздөштүрө алышат. Бул максатта Корей элчилигинин алдындагы окуу борбору менен кызматташып, эки жылдан бери окуучуларга тил алып жүрүүчүлөр корей тилин үйрөтүп келет. Бул үчүн атайын корей тили кабинети да даярдалган.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ: АКТУАЛДУУ КЕСИПТЕР

Мындан сырткары, Германиянын “Ausbildung” программасы аркылуу немис тилин В2 деңгээлинде жакшы билген окуучуларды чет жерде билим алууга  жиберүү мүмкүнчүлүгү бар.

  • Былтыр «Креатив-Таалим» окуу борбору менен кызматташып, алардын мугалимдери келип окуткан. Окуу пилоттук режимде ишке ашып, окуучулар курстун акысын өз чөнтөгүнөн төлөшчү. Он чакты балабыз катышты. Быйыл дагы бир компания менен немис тилин онлайн форматта үйрөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Албетте, акысы да азыраак болот.  Дагы бир германиялык программа немис тилин В1 деңгээлинде билгендер үчүн жакшы шарттарды сунуштап жатат, — дейт директор.

Элеонора Ишекеева окуу жайдагы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн жетимиш пайызы кесиби менен иштерин, көпчүлүгү дипломду алганга чейин жумуш менен камсыз болорун белгиледи. Бул үчүн окуучу лицейде теорияны жакшы окуп, практикада өзүнүн жоопкерчиликтүү, пунктуалдуу мамилесин көрсөтсө, калганын жумушчулар өздөрү эле үйрөтүп алат.

  • Ачыгын айтканда, бизге «5» ке окуган балдар аз келет. Жакшы окуган, колунда акчасы бар бала башка жакты көздөрү анык. Бизде көбүнесе “бат акча таап, үй-бүлөмө жардам берейин” дегендер. Ошондуктан биз алардан кызыл аттестатты күтпөйбүз. Ошентсе жыл сайын ЖРТ тапшырылат. Мисалы, быйыл 15окуучу тапшырып, эң жогорку балл 177ге жетти. Бул биз үчүн жакшы көрсөткүч. Бир эле лицейдеги окуу менен чектелип калбай, ЖОЖдордо окуусун улантууга багыттайбыз. Бизде окуп жаткан эки жыл аралыгында каражат тапканга да мүмкүнчүлүк болот. Мисалы, биз “Бинтек” компаниясына төрт окуучубузду практикага жиберсек, экөөнү алып калабыз дешти. Мастерлер балдар жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасаса, бат эле үйрөтүп алабыз дешет, — дейт.

Учурда окуу жай ички, тышкы байланыштарды күчөтүүнүн үстүндө. Кызматташтыкты дагы да кеңейтип, окуу борборлорун ачууну көздөйт. Мисалы, алардын бири — асма шып (натяжной потолок) жасоо окуу борборун ачып, кыска мөөнөөттүү курстарды өткөрүү. Себеби кыска мөөнөттүү курстар — өздүк счеттун негизги булагы. Эгерде лицейде окуган бала кошумча кыска мөөнөттүү курстардан да билим алса, ага жакшы жеңилдиктер берилет. Бирок, бул лицейде окууну каалаган абитуриенттерде жатакана маселеси чечилбей келет.

Адинанын кыялдарына жол ачкан кесип

Курулуш тармагына керектүү адистиктер  бир гана мырзалар эмес, айымдардын арасында да актуалдуу экендигин тушмуш көрсөтүп турат. Окуу жайда азыркы тапта төрт кыз билим алууда. Кабыл алуу учурунда  консультация алуу үчүн кыздар да кызыгып келип жатканын окуу жайдын директору айтты.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ: АКТУАЛДУУ КЕСИПТЕР

  • Чынында, бизге кыздар келсе кээде таң калам. Бир жолу ширетүүчү болом деп чачы узун, суйкайган сулуу бир кыз келген. Башында «таштап салат го» деп ойлогом. Бирок, сабакка калбай келип, кызыл диплом менен аяктады. Учурда чет жерде иштейт. Биздин окуу менен эле чектелбей, крановщиктин окуусун да аяктаптыр. Азыр да биз сыймыктанган төрт кызыбыз бар. Алар да балдардан кем калбай, жакшы иштеп жатышат. Бизден “кыздар тапшырабы?» деп кызыгып сурап калышат. Биз ким келсе да кабыл алып, татыктуу билим берүүгө даярбыз, — дейт Ишекеева.

Ал эми курулуш жаатында өзүнүн келечегин көргөн кыздардын бири — Русланова Адина. Ал №30 атайын мектептин бүтүрүүчүсү. Айтымында, биринчи ашпозчу болууну каалаган, бирок ден соолугуна байланыштуу ал окууга кабыл алган эмес. №5 лицейдин окуу корпусу менен кесиптер тууралуу кенен баяндап берген мастерди жактырып, дал ушул адистин ээси болууну чечкен.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ: АКТУАЛДУУ КЕСИПТЕР

  • Мурда мектепке бир күн барсам, эртеси баргым келбей калчу. Азыр лицейге калтырбай барам. Корей тилин үйрөндүм. Мага жагат, мастерлер жакшы үйрөтүшөт. “Бишкек Курулуш” компаниясына практикага барганда шпаклёвка тартып көрүп, мен үчүн алып кетүү кыйын деле эмес экендигин түшүндүм. Окууну аяктасам кесибим менен иштеп, үй-бүлөмдү баккым келет. Лицей менин кыялдарыма жол ачты. Башында апам “балдар менен иштейт экенсиң” деп нааразы болуп жаткан, азыр колдоочум,  — дейт ал.

Айгерим Токтобаева, Кут БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер