Башталгыч кесиптик билим: 16500 квота бөлүндү
- 11.07.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 13-июнундагы №665/1 буйругуна ылайык, башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына 2025-2026-окуу жылына карата кабыл алуу 14-июлдан 12-сентябрга чейин уланат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоонун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү грантынын жана типтүү ченемдердин негизинде окуучуларды кабыл алуу үчүн квота — 16500 адам белгиленген . Бирок контрактык негизде калоочуларды кабыл ала алууга мүмкүн.
Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына кабыл алуу үч жылдан бери https://2020.edu.gov.kg/ порталында онлайн форматта жүргүзүлөт.
Бул иш ар кайсы региондордон келген жарандардын кесиптик лицейлерге кирүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, кесип тандоодо мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кирүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында уюштурулган.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер