БАШ БАЙГЕНИН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ НУРЗАТ БЕКБАЕВА
- 11.09.2025
- 0
Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунда мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн агартуучуларынын өз кесиптик чеберчилигин жакшыртууда “Жан дүйнөмдүн кесиби” аттуу облустук кароо-сынагында Талас райондук балдарга билим берүү борборунун «Жаш эколог» ийриминин мугалими Нурзат Бекбаева өз чеберчилигин көрсөтүүдө баш байгеге ээ болуп, республикалык турга жолдомо алды.


Маалыматка таянсак, сынак — катышуучуларга тажрыйба алмашууга, балдардын жана өспүрүмдөрдүн потенциалын өнүктүрүү үчүн жаңы методикаларды сунуштоого мүмкүндүк берет.


— “Кесиптик билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси Нурзат Бекбаева өз ишин мыкты билген агартуучу. Ал бул кесипте 2004-жылдан бери үзүрлүү иштеп келатат. Өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде мыкты ийгиликтер жараткан кесипкөйлүгүнө жогору жактан баа берилип, Талас районундагы №6 кесиптик лицейде мугалимдиктен директордун орун басарына чейинки кызматта иштеп келген. Нурзат Кайтпековна буга чейин да “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынакта республика боюнча I орунду багындырып, байгелүү сыйлыктарга ээ болуп келген. Бул жолку баскычта да Талас облусунун намысын коргоп, зор ийгилик менен келүүсүнө ишенебиз жана тилектешпиз! – дейт Талас облустук усулдук борбордун жетекчиси С.Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер