Бар бол, адабият

  • 24.11.2025
  • 0

21-ноябрда жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити Улуттук жазуучулар союзу жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана менен биргеликте адабий талкуу уюштурду.

Бар бол, адабият

Адабий талкуу академик, филология илимдеринин доктору Абдыганы Эркебаевдин эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабиятына арналган “Бар бол адабият” китебинин бет ачарын менен шайкеш өткөрүлдү. Анткени Абдыганы Эркебаевдин жаңы жарык көргөн “Бар бол адабият” китебинде көз карандысыздык доорундагы кыргыз улуттук адабияттын өнүгүү тенденциялары, мыйзамченемдүүлүктөрү, актуалдуу пролблемалары, жаңы көркөм көрүнүштөрү илимий-теориялык негизде терең талдоого алынган. Адаябият таануу илими боюнча ири окумуштуу Эркебаевдин “Бар бол адабият” китебине негиз болгон макалалар сериясы адегенде  “Кыргыз Туусу” гезитин октябрь аыйндагы сандарында түрмөк болуп жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан эле.

Адабий талкуу Улуттук китепканада өттү. “Кыргыз Туусу” гезити уюштурган адабий талкууга көрүнүктүү окумуштуулар, адабиятчылар, акын-жазуучулар, басма сөз өкүлдөрү катышты. Адабий сын, адабий масштабдуу талкуу акыркы жолу 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун пленумунда өткөнүн эске салышкан жазуучулар, адабиятчылар мындай талкуулар адабияттын өнүгүнө изги таасирин тийгизерин бир ооздон белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер