БАЛЫР ПРОТЕИН ЖАНА МАЛГА ТОЮТ КАТАРЫ КОЛДОНУЛА БАШТАЙТ

  • 20.03.2025
  • 0

ОшТУнун студенттеринин айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиялары кафедрасында жүргүзгөн илимий иштери ийгиликтерди жаратууда. Биотехнологиялык багытындагы илимий иштер айрыкча айыл чарбасындагы айрым көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бермекчи.

БАЛЫР ПРОТЕИН ЖАНА МАЛГА ТОЮТ КАТАРЫ КОЛДОНУЛА БАШТАЙТ

ОшТУнун студенттери ушул багытта изилдөө иштерин жүргүзүп, микробалырлардан протеиндик азыктарды алууга, мал, тоок, балык чарбачылыгы үчүн өтө керектүү болгон белоктук-витаминдик тоюттарды өндүрүүгө жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктө биостимулятор, органикалык жер семирткичтерди алып жатышат.

Топурактын бетинде, сууда көптөгөн көзгө көрүнбөгөн майда организмдер -микробалырлар жашайт. Алардын арасында адам баласынын тиричилиги үчүн эң керектүү болгон түрлөрү бар, мисалы: жашыл балырлардан хлорелла менен сценедесмус. Бул балырлардын курамында 50-60% протеин, түрдүү аминокислоталар, липиддер, полисахариддер жана минералдык элементтер бар. Бул балырлардын баалуулугу суспензия түрүндө колдонсок үрөндөрдүн, маданий өсүмдүктөрдүн жакшы өсүп, өрчүп, түшүмдү көп беришин камсыздандыруу. Себеби бул балырлар биостимулятор, биофунгицид жана бактерициддик сапаттарга ээ болуп, өсүмдүктөрдү түрдүү илдеттерден сактайт.

Ал эми балырлардын башка да перспективдүү түрлөрү бар, алар спирулина менен азабынан балырлары. Бул балырлар көк-жашыл балырлар бөлүмүнүн өкүлдөрү, өзгөчөлүгү спирулина курамында 60% жогору протеин топтойт жана тамак-аш өндүрүшүндө, тоют багытында, фармацевтика, косметологияда мааниси абдан чоң. Көк жашыл баларлар азотфиксатор болуп эсептелинет, б.а. абанын курамындагы инерттүү азотту сиңирген, топуракка жана сууга өткөрүп берип, айрыкча топурактын кыртышын азотко байытат.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер