БАЛИ, ОЛИМПИАДАНЫН 64 МЕДАЛЫ ЖАНА ГРАН-ПРИСИ

  • 04.11.2024
  • 0

Сүйүнчү!

4-ноябрда “Манас” аэропортунан ата-энелер, мугалимдер Түркияда өткөн предметтик XVI олимпиададан жеңиш менен кайтып келген 36 мектеп окуучусун кубаныч менен тосуп алышты.

БАЛИ, ОЛИМПИАДАНЫН 64 МЕДАЛЫ ЖАНА ГРАН-ПРИСИҮстүбүздөгү жылдын 27-октябрынан 3-ноябрына чейин Түркия өлкөсүнүн Анталья шаарында мектеп окуучуларынын предметтик XVI эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнө жүзү боюнча онго жакын мамлекеттин  элүүгө чукул мектептин  сегиз жүздөн ашуун окуучулары катышып, билимдерин сынап жана өнөрлөрүн көрсөтүштү.

БАЛИ, ОЛИМПИАДАНЫН 64 МЕДАЛЫ ЖАНА ГРАН-ПРИСИОлимпиадада Кыргыз Республикасынын намысын коргоп Бишкек шаарындагы «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин 36 окуучусу терең билими менен айырмаланып, байгелүү (1, 2, 3-орун) 64 медалды жана жалпы командалык эсеп боюнча Гран-при баш байгени жеңип алышты. Кыргызстандык окуучулар биология, химия, география, тарых, табият таануу, математика, менталдык арифметика, физика,  шахмат, орус тили, англис тили жана түрк тили боюнча  катышып,  билим сыноолорунда калыстардын жогорку бааларына татып, эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, кыргыздын туусун желбиретип байгелүү орундарды камсыз кылышты.

БАЛИ, ОЛИМПИАДАНЫН 64 МЕДАЛЫ ЖАНА ГРАН-ПРИСИ-Эл аралык  олимпиаданын шарты боюнча предметтерден тышкары спорттук, маданий иш-чаралар да өткөрүлөт экен. Биздин окуучулар улуттук кийим менен кыргыздын бийин бийлеп,  ырын ырдап, ооз комуз, комузда кол ойнотуп, кыргыздын маданиятын дүйнө жүзүнө даңазалап, калыстардын эң мыкты деген баасына татыды. Бул жеңишке жетиш оңой эле болгон жок. Тыным албай окуучуларды даярдап, түн жарымга чейин уктабай сынактын жыйынтыгын күтүп, санаага батып, ар бир окуучунун жеңишине кубанган мугалимдер жамаатына таазим кылабыз. Балдарга билим берүү менен эле чектелбестен, мектепте ар түрдүү тарбиялык мааниси чоң «Билим фестивалы» сыяктуу  сынактарды уюштуруп, окуучуларды эл алдында эркин сүйлөөгө, ырдап бийлөөгө, улуттук аспаптарда ойноого, “Манас”  баштаган дастандарды айтып, кыргыздын каада-салтын даңазалап, эмгекке үйрөтүп, учур талабына ылайык инсан болуп калыптанышына өбөлгө болгон көптөгөн иш-чараларды уюштуруу салтка айланган, -дейт  «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин башкы директору Гүлнара Дайырбекова.

БАЛИ, ОЛИМПИАДАНЫН 64 МЕДАЛЫ ЖАНА ГРАН-ПРИСИБул өлкөбүздүн келечеги болгон окуучулардын ийгиликтеринин башаты гана эмес. Мында мурда дагы дүйнөлүк, эл аралык олимпиадада бир нече ирет байгелүү орундарды жеңип келишкен. Эл аралык көптөгөн сынактарда кыргыздын туусун бийик көтөрүп, билим жана өнөрү менен таанылып, ар дайым жеңиштин урматына бөлөнүп жүрө бериңиздер!

 

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер