«БАЛДАРГА МЭЭРИМИБИЗ – БАКТЫЛУУ КЕЛЕЧЕГИБИЗ”
- 16.04.2021
- 0
Жети-Огуз районундагы Б.Алымбаева атындагы «Сезим» МЧББУда «Балдарга мээримибиз — бактылуу келечегибиз» деген темада облустук семинар болуп өттү.
Семинар тарбиялануучуларды жаш курактарына ылайык когнитивдик, социалдык-эмоционалдык жана физикалык жактан өнүктүрүүнү, МКТ колдонуу менен тарбиячылардын кесиптик деңгээлин жогорулатууну, о.э. тарбиялануучуларды ата-бабаларыбыздын маданий мурастарын баалоого жана мекенчилдик сезимин ойготуу менен өз алдынчалуулукка тарбиялоо максатын көздөдү. Жаңы усулдук ыкмадагы сабактар, ар кандай мастер-класстар, «Акелер — акыл казынасы», куурчак театрынын иштери келген коноктордун купулуна толуп, алдыңкы иш тажрыйбалар жайылтылды.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер