БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫК КЕРБЕН БАШТАЛДЫ
- 16.10.2025
- 0
Бишкек шаарындагы №101 орто мектебинде балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча маанилүү демилге — маалыматтык кербен башталды.

Маалыматка таянсак, бул кербендин негизги максаты — балдарда өзүнө жана айланасындагыларга урматтоо сезимин калыптандыруу, мектепте жана үй-бүлөдө ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүү.


Балдар үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү — жалпыбыздын милдетибиз. Зомбулукка мектепте да, үйдө да, коомдо да орун болбошу керек. Бул багытта мугалимдер, ата-энелер жана балдардын өздөрү да түшүнүккө жана жоопкерчиликке ээ болушу маанилүү.


Кербендин алкагында төмөнкү интерактивдүү сессиялар өттү:
— Зомбулуксуз тарбиялоо жана позитивдүү ата-эне болуу тууралуу;
— Мугалимдердин эмоционалдык интеллектинин өнүгүүсү боюнча;
— Окуучулар үчүн кесиптик багыт берүү жана “Кахут” викторинасы.
Мындай иш-чаралар зомбулукту талкуулоо менен эле чектелбестен, аны түшүнүү, ишеним жана балдарга көңүл буруу аркылуу алдын алууга жардам берет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер