БАЛДАРГА БАКЫТ ТАРТУУЛАГАН «АЛТЫНГҮЛ»
- 02.02.2026
- 0
№36 «Алтынгүл” мектепке чейинки билим берүү уюму Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарындагы Жетиген айылында жайгашкан.

Төрт жылдык тарыхы бар бул бала бакча 2022-жылдын 1-сентябрында өз ишин баштаган. Жетиген айылынын тургундарынын көптөн бери эңсеп жүргөн тилектери орундалып, бул күн айылдын мектеп жашына чейинки курактагы балдардын окуп,тарбиялануусунун башаты катары маанилүү күн болуп калды. Уюмга 120 бала кабыл алынып,төрт тайпага бөлүнгөн. Уюмдун директору Боронбаева Элмира Артыковнанын жетекчилиги астында 25 кызматкер өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып келишүүдө.
Уюмдун ички ремонту заманбап үлгүдө жасалгаланып, бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн. Башкача айтканда, 2 тайпанын уктоочу бөлмөлөрү, сабак өтүп, ойноочу бөлмөлөрү, тазалык бөлмөлөрү өзүнчө шарттар түзүлгөн. Балдардын жатуучу керебеттери, матрас-төшөнчүлөрү, стол, стулдар, иш столдор, шкафтар, холодильник, кир жуучу автомат машина жерге салынуучу килемдердин баары айыл демөөрчүлөрүнүн эсебинен алынып берилген. 2023-жылы мэрия тарабынан 13 сотых жер сатылып алынып, бала бакчанын аянты дагы да кеңейди, тактап айтканда, 35 сотых болду.Бул демилге, колдоолордун баары айыл тургундарынын, мамлекетибиздин балдардын келечеги үчүн кам көрүп, аракет кылуусунун далили болуп эсептелет.

Андан бери саналуу убакыт өткөнүнө карабай уюмда көптөгөн жакшы иштер аткарылып, жамааттын ынтымагынын аркасында ийгиликтер жарала келүүдө. Тактап айтканда, мэриянын эсебинен сырткы ашкана, откана, балдар ойноочу сырткы беседка курулуп, ишке киргизилди. «Жылдын мыкты тарбиячысы», «Манас таануу » сынактарына катышып, райондо байгелүү орундарды камсыз кылып келүүдө.
Учурда СТЕМ-билим берүү-бул балдарды окутууда теория менен эмес, көбүрөөк практикалык иш-аракеттер аркылуу окутууга багытталган заманбап ыкма экендигин туура түшүнүү менен тарбиячылар өз билимдерин өркүндөтүүнүн үстүндө иштешүүдө. Балдардын ой-жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн өстүрүүгө, ошондой эле көйгөйлөрдү өз алдынча чече билүү көндүмдөрүн калыптандыруу багытында да алгылыктуу иштерди алып барышууда.
Буйруса , ынтымактуу жамаат дагы да көптөгөн ийгиликтерди жаратып, балдарга учур талабына жараша билим, тарбия берүүгө талыкпай аракет кыла беришмекчи.
АТАКАНОВА Нуржамал, «Алтынкүл» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы, Аксы району
Комментарийлер