БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛООЧУ ТАРБИЯЧЫЛАР ОКУТУУДАН ӨТТҮ

  • 10.07.2024
  • 0

Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы кыска мөөнөттүү бала бакчалардын 60 тарбиячысы «Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо» боюнча базалык изилдөөнү жүргүзүү үчүн окутуудан өттү. 

БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛООЧУ ТАРБИЯЧЫЛАР ОКУТУУДАН ӨТТҮБАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛООЧУ ТАРБИЯЧЫЛАР ОКУТУУДАН ӨТТҮ

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн маалыматына таянсак, инструмент баланын бакчадагы иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде окутуунун методдорун жакшыртууга багытталган. Башкача айтканда, тарбиячылар бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана сыртында баланын жүргүзгөн бардык иш-аракеттерин, мисалы, сейилдөө учурунда байкап, өлчөп турушат. Бул баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди белгилейт жана баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жардам берет.

БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛООЧУ ТАРБИЯЧЫЛАР ОКУТУУДАН ӨТТҮБАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛООЧУ ТАРБИЯЧЫЛАР ОКУТУУДАН ӨТТҮ

Баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө өнүгүүнүн беш багытына негизделет:

🔷 таанып билүү жана когнитивдик өнүгүү;

🔷 физикалык өнүгүү;

🔷 сабаттуулук (тил) жана коммуникация;

🔷 чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү;

🔷 социалдык жана эмоциналдык көндүмдөр.

Изилдөөнүн жүрүшүндө тарбиячылар ар бир бала көрсөткөн жүрүм-турум көрүнүштөрүн/көрсөткүчтөрүн чагылдырган үч диапазондогу (жогорку, жетиштүү жана жетишсиз) эсептегичтерден, индикаторлордон жана таблицалар менен өнүгүү аймагын камтыган «Баланын өнүгүү картасы» менен түздөн-түз иштешет.

Ушундай эле тренинг 2-3-июль күндөрү Ош шаарында 80ден ашуун тарбиячылар (Ош, Жалал-Абад, Баткен) үчүн уюштурулду. Изилдөөгө жалпы кыска мөөнөттүү бала бакчалардын ичинен 140 тайпа тандалып алынган. Анын 70и эксперименталдык тайпа, 70и контролдук тайпа.

Эскерте кетсек, бул инструмент Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында иштелип чыкты. Инструмент мындан ары КР ББИМине өткөрүлүп берилет жана окутуу менен тарбия берүүнү жакшыртуу үчүн мектепке чейинки билим уюмдарынын күнүмдүк практикасына киргизилет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер