БАЛДАРДЫ ЗЫЯНДУУ МААЛЫМАТТАРДАН КОРГОЙЛУ

  • 21.06.2023
  • 0

Жогорку Кеңеште балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

КР ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

БАЛДАРДЫ ЗЫЯНДУУ МААЛЫМАТТАРДАН КОРГОЙЛУ

Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутат Джамиля Исаева баяндама жасап, суроолорго жооп берди. Алсак, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Депутат кошумчалагандай, турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, чыңдала элек психикасынын айынан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Комментарийлер