БАЛДАРДЫ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН САКТАЙЛЫ

  • 24.08.2023
  • 0

Өспүрүм балдардын жол кырсыгынан жабырланышына коопсуздук курлардын жана балдарды коргоочу шаймандардын жоктугу же аларды колдонуу эрежелерин бузгандыгы себеп болот.

ИИМдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, жыл башынан бери республика боюнча балдардын катышуусу менен жалпысынан 900дөн ашык жол кырсыгы катталып, анда 40тан ашуун бала каза болгон жана 1000ден ашуун бала ар кандай даражадагы жаракат алган.

Ошол эле маалымат булагынан маалым болгондой, жол кырсыгынан курман болгон жаш өспүрүмдөрдүн санынын 53 пайызын унаа ичинде жүргүнчү катары бара жаткан жаш өспүрүмдөр түзөт.

Айдоочулардын жолдо кетирген каталары, тагыраак айтканда шалаакылыгы жашы жете элек жүргүнчү балдардын өлүмүнүн башкы себеби болууда.

“Жол кырсыктарды талдоо көрсөткөндөй, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктарынын эң көп кездешкен себептери айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана ылдамдыктан ашып кетүүсү болгон. Жөө жүргөндөргө караганда, жүргүнчү балдар көп каза болот”, — дешет жол сакчылары.

МАИ кызматкерлери 12 жашка чейинки балдарды унаада алып жүрүү эрежелерин сактоону эскертет. Айрыкча, мотоцикл артында, борттук платформасы бар жүк ташуучу унаанын кузовунда, жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда, баланын боюна жана салмагына ылайык келген балдарды кармап туруучу атайын түзүлүш жок учурда балдарды унаага олтургузууга тыюу салынат.

Унаа отургучтары жана балдарды кармап туруучу атайын түзүлүштөр балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактайт.

А.К.

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер