БАЛДАРДЫ ТОЛУК КАНДУУ, САПАТТУУ ЖАНА КООПСУЗ ТАМАК-АШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ
- 09.03.2026
- 0
Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь району боюнча муниципалдык администрациясы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Октябрь районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш уюштурулушуна текшерүү жүргүзүп жатат.

Маалыматка таянсак, текшерүүнүн негизги максаты — тарбиялануучуларды толук кандуу, сапаттуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана мүмкүн болгон кемчиликтердин алдын алуу.


Иш-чаранын алкагында төмөнкү багыттар каралууда: тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу; азык-түлүктүн сактоо шарттары; санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы; менюнун талаптарга ылайыктуулугу; тамак-аш блогунун материалдык-техникалык абалы.

Муниципалдык администрация балдардын ден соолугу жана коопсуздугу артыкчылыктуу багыт экенин белгилейт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер