БАЛДАР ДЕНИ САК ЖАШООНУ ЖАКТЫРЫШАТ
- 06.03.2024
- 0
2024-жылдын 6-мартында Нарын районундагы Аткан Тыныбек атындагы орто мектебинде КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» концепцияны бекитүү тууралуу №313 жарлыгынын негизинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын №54 буйругун жетекчиликке алып, 2-«а», «б», «в» класстарынын окуучулары менен ата-энелеринин катышуусунда «Спорт — ден соолуктун булагы» аталышындагы интеграцияланган мелдеш сабак болуп өттү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Жанболотова, КРАДК жана «АтаМЕНен» долбоорунун өкүлү Б.Кушназаров, НРИИБ Т.Ашырбаев, С.Абыкеев, Солтонбек у Кудайберген, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев катышып, ата- энелерге, класс жетекчилерге белектер, ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чарага демөөрчүлүк кылган КР АДК жетекчилигине, айыл өкмөтүнө жана А.Абдыбековнага ата-энелердин, окуучулардын жана мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА, Нарын району
Комментарийлер