БАЛДАР УКУГУН КОРГОО БОЮНЧА ЖАҢЫ ПЛАН: КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЮНИСЕФ КЫЗМАТТАШУУСУН КҮЧӨТӨТ
- 16.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушуп, балдардын укугун коргоо жаатындагы кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулашты.
![]()
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2026–2027-жылдарга карата социалдык саясат боюнча биргелешкен иш-пландын алкагындагы жылдык документке кол коюшту. Документ балдар укуктарын коргоо системасын чыңдоого жана өлкөдөгү балдардын абалына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган.
Жаңы кызматташтык планында балдардын абалын системалуу көзөмөлдөө, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу негизги багыттар катары белгиленди.
Тараптар белгилегендей, биргелешкен аракеттер балдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун арттырып, өлкөдөгү ар бир бала үчүн толук кандуу өнүгүү жана коргоо шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер