БАЛДАР УКУГУ ЖӨНҮНДӨ БУУ КОНВЕНЦИЯСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЯНДАМАСЫ УГУЛДУ

  • 22.09.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева 13-14-сентябрда Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева шаарындагы (Швейцария) БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын бириккен V жана VI мезгилдүү баяндамасын угууларга катышты.

БАЛДАР УКУГУ ЖӨНҮНДӨ БУУ КОНВЕНЦИЯСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЯНДАМАСЫ УГУЛДУ

Угууларда кыргыз тараптын Конвенцияны ишке ашыруу боюнча чаралары, атап айтканда, билим алуу, эс алуу жана маданий иш-чаралар үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча билдирүүлөрү камтылган.

Ошондой эле кыргыз делегациясы Женевада БУУ балдар укугу боюнча Комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер