БАЛАЖАН: БИЗНЕС КҮНҮ
- 29.06.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору биргеликте ующтурган «Ысык-Көл балдардын көзү менен» эс аралык слётунун ар бир күнү балдардын өсүп-өнүгүүсүнө багытталды.
Слёттун программасынын ар бир күнү Тайны разума», «Я — миллионер!», «Colour fest», «Digital space» деген ар башкача аталыштарга ээ болуп, күн сайын ар кыл темадагы тренингдер, мастер-класстар өткөрүлдү. «Я — миллионер!» күнүндө балдар бири-бирине кызмат көрсөтүп, өз алдынча акча табууну үйрөнүштү. Мисалы, бөлмөлөрдү тазалоо, мейкап жана укалоо жасоо, тату тартуу сыяктуу кызматтарын жарналап, өз алдынча кардар табышты. Айрымдары ашканаларды иштетүү үчүн насыяга бир пайыздык үстөк менен чоң суммадагы каражат алып, кардарларды тейлеп акча чогултушту. Бир күн бою тапкан акчаларына кечинде жушмак оюнчуктарды, концелярдык товарларды, бижутерияларды сатып алышты. Муну менен балдар акча кандай кыйынчылык менен табыларын, кайра кантип туура пайдалануу керектигин үйрөнүштү.
Комментарийлер