БАЛАНЫН БИРИНЧИ МУГАЛИМИ — ЭНЕ

  • 19.02.2019
  • 0

Жалал-Абад областындагы Кара-Куль шаарында «Билим башаты — башталгыч класс» дегендей башталгыч класстарында «Мыкты эне», «Чоң эне жана небере», “Келгиле, окуйбуз!” таймаштары ар бир класста өткөрүлүп турат.

БАЛАНЫН БИРИНЧИ МУГАЛИМИ - ЭНЕ

БИМдин берген маалыматына таянсак, башталгыч классынын мугалими Эгизбаева У.К.1- а классынын энелерине «Энелер мектебинин максаты жана мааниси » деген темада сабак өтүп, энелер теориялык билим алышты. Ошондой эле топторго бөлүнүп, балдарды тарбиялоонун жаш өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоонун жолдорун талкуулашты.

БАЛАНЫН БИРИНЧИ МУГАЛИМИ - ЭНЕ

  • Практика жүзүндө көндүмдөрдү, көнүгүүлөрдү аткарышты. Ал эми башталгыч классынын мугалими Токтосунова Бурулсун 2-в классына «Энелер мектеби — ийгиликке жетүүнүн ачкычы» деген темада энелер үчүн сабак өттү. Энелерибиз топторго бөлүнүп, жагымдуу жагдай үчүн «Эненин мээрими» деген окуучулардын энелерине жазган каалоосу, сүйүүсү айтылып, энелердин жүрөктөрүн жибитип, көздөрүнөн сүйүнүчтүн жашы айланды.

Энелерге бала тарбиялоодогу сегиз  катачылык видео аркылуу көрсөтүлүп, талкууга алынды. Жаңы идеяларга бай, жаш мугалим Токтосунова Бурулсундун «Энелер мектеби  — ийгиликке жетүүнүн ачкычы» деген темадагы жазган доклады энелерди сыйкыр сезими менен жүрөгүн ээлеп алды. Энелерге арналган сабак «Баламдын мээрими» деген темада энелердин балдарына жазган каалоолору, сезимдери, мээрими менен сабак соңуна чыкты. Эне аркылуу баланын сабакка болгон мамилеси, жүрүм-туруму калыптанат, өнүгөт. Чындыгында бала үй-бүлө шартында окуйт жана тарбияланат. Ошондуктан баланын биринчи мугалими болуп «Энелер» эсептелинет, — дейт башталгыч класстарынын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эгизбаева У.К.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер