БАЛА БАКЧАЛАРГА ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДООНУН ТЕСТИРЛӨӨСҮ ӨТТҮ

  • 16.10.2024
  • 0

15-октябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин бош орундарына конкурстук тандоонун тесттирлөөсү ѳткѳрүлдү.

БАЛА БАКЧАЛАРГА ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДООНУН ТЕСТИРЛӨӨСҮ ӨТТҮ

Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору белгиленген тартипте конкурсту уюштурууну жана ѳткѳрүүнү камсыздоодо. Борбордун маалыматына ылайык, 762 бош орун бар.

Белгилей кетсек, конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобону бекитүү тууралуу 2024-жылдын 28-майындагы №273 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

БАЛА БАКЧАЛАРГА ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДООНУН ТЕСТИРЛӨӨСҮ ӨТТҮ

Шилтеме: конкурс тууралуу жарыя https://ncokoit.kg/

Бөлүшүү

Комментарийлер