БАЛА БАКЧАЛАР МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 03.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 31-мартында №210-т тескемени кабыл алып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу бир катар объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү чечимин кабыл алды.

БАЛА БАКЧАЛАР МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ ӨТКӨРҮЛӨТ

Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке ЖАМКнын балансындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын, курулуштарын жана тиешелүү жер тилкелерин билим берүү максатында пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү тапшырылды.

Атап айтканда, ЖАМКнын №1 жалпы режимдеги түзөтүү колониясынын балансынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №19 ясли-балдар бакчасы 10 749 чарчы метр жер тилкеси менен Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлөт.

Ошондой эле №3 катуу режимдеги колониянын балансынан Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан «Бактылуу балалык» ясли-балдар бакчасы 5677,54 чарчы метр жер тилкеси менен Жайылма айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүлөт.

Мындан тышкары, №8 жалпы режимдеги колониянын балансындагы Москва районунун Петровка айылында жайгашкан «Кызгалдак» ясли-балдар бакчасы 6238,6 чарчы метр жер тилкеси менен Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө берилет.

Ошондой эле №14 тарбиялык колониянын балансындагы Панфилов районунун Вознесеновка айылында жайгашкан иштебей турган «Солнышко» ясли-балдар бакчасы 1700 чарчы метр жер тилкеси менен Орто-Кайыңды айыл аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүлөт.

ЖАМКга аталган мектепке чейинки мекемелердин эмеректерин жана жабдууларын кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү, ошондой эле тескемеден келип чыккан башка чараларды көрүү милдети жүктөлдү.

Өз кезегинде жергиликтүү бийлик органдарына объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу, мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү, аларды башка максатта пайдаланбоо жана мектепке чейинки билим берүү багытында колдонуу сунушталды. Мындан тышкары, бала бакчалар жайгашкан аймактагы ЖАМК кызматкерлеринин балдары үчүн кабыл алууда жеңилдиктерди (квоталарды) карап чыгуу, ошондой эле объекттерди кармоо жана тейлөө иштерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылуу каралган.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке объекттерди мыйзамда белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер