БАКУДА ЭКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕ ТАЛКУУЛАНАТ

  • 21.10.2024
  • 0

2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясы өтөт. Конференциянын алкагында  КР Президенти С.Жапаровдун Дүйнөлүк лидерлердин  Саммитине катышуусу күтүлүүдө. Андыктан КР Билим берүү жана илим министрлигинде Президенттин жана кыргызстандык делегациянын  конференцияга катышуусуна даярдык  көрүлө башталды.

БАКУДА ЭКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕ ТАЛКУУЛАНАТ Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары  Б.Супаналиевдин чыгарган буйругуна ылайык, министрликтин бөлүмдөрүнө тиешелүү темалар бөлүнүп, анын алкагында презентация, таанытуу, англис тилинде видеороликтерди даярдоо иш-аракеттери көрүлө башталды. Алсак, “Климаттын өзгөрүшү: кесепеттерин жумшартуу, адаптациялоо жана Кыргызстандын билим берүү системасында  чечүү жолдору”  долбоорлорунун алкагында конкреттүү эсептөөлөрү  менен англис тилинде жогорку рангдагы  спикерлерди аныктоо менен презентацияларды даярдоо; жашыл экология, климаттын өзгөрүшү, жашыл энергетика жана тоо көйгөйлөрү призмасы аркылуу билим берүүнүн деңгээлдери боюнча  10 мүнөттүк видеороликтерди жана   буклеттерди англис тилинде иштеп чыгуу жана басып чыгаруу; зарыл болгон учурда  климаттык күн тартибине ылайык  макеттерди даярдоо жана англис тилиндеги долбоорлордун ролл-аптарын даярдоо үчүн тапшырма берилди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер