«БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ»

  • 30.05.2023
  • 0

Көпчүлүгүбүз үчүн балалык эң бактылуу жана эң бейкапар мезгил бойдон кала берет. Балдарды коргоо күнү бизге, чоңдорго, баланын жан дүйнөсүнүн тазалыгын, чын ыкластуулугун эсибизге салуу максатында ойлоп табылган. Балдар биздин сүйүүбүзгө жана коргообузга муктаж. Чоңойгондо балалыгын жылуу жылмайуу менен гана эстешсин деп, жыл сайын жайдын биринчи күнүндө бүткүл планетанын балдары, ошондой эле алардын ата-энелери  — «1-июнь Балдарды коргоо күнүн» белгилешет.

    «БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ»

Урматтуу ата-энелер, кымбаттуу балдар! Сиздерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайбыз! Жана биздин балдарыбыз бүгүн эле эмес, күн сайын, мүнөт сайын коргоого муктаж экенин унутпаңыз. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек» улуттук борборунун эшиги ар дайым балдар үчүн ачык.

30-май күнү саат 10.00-12.00 Балдарды коргоо күнүнө арналган Балдардын жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда  Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май муниципалдык администрациясынын колдоосу менен майрамдык  концерт болот. “Сейтектин” алдында балдарга борбордун  “Ушу кунфу ” жана «Таэквондо ITF» ийриминин катышуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Концерттик программага  таланттуу балдар жана ырчылар катышат. Майрамга 600гө жакын катышуучулар чакырылган.

31-майда саат 10.00дөн 12.00гө чейин Бишкек шаардык кеңешинин Өнүгүү — Прогресс фракциясы, Балдардын жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору менен биргеликте  концерттик программа даярдашат.  “Ушу кунфу мектебинин” жана “Таэквондонун ITF” балдары өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле «Бактылуу балалык» аттуу концеррттик программа көрүүчүлөргө тартууланат.

1-июнда саат 09:45 Сейтек” борборунун алдында жаш конокторду «Деми-Арт» театрынын аниматорлору тосуп алышат. Балдарга кубаныч жана майрамдык маанай, позитивдүү эмоциялар атмосферасын түзүү үчүн балдарды Омонк Ас, Алиса, Калпакчы, Кызыл ханыша, Коён жана жомок каармандары күтүшөт. 10.00дөн 12.00гө чейин КР Билим берүү жана илим министрлиги балдар үчүн майрамдык концерт өткөрөт. Тыныстанов көчөсүнөн баштап Фрунзе ресторанына чейин жолдор жабылат. “Сейтек” борборунун алдында ар кандай көргөзмөлөр жана мастер- класстар уюштурулган. Бул программага мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери тартылган.

1-июнь күнү саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Балдар фонду (БФК) “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору менен биргеликте  кайрымдуулук концертин өткөрөт. Биздин кичинекей тургунубуз Адия Доктурбековага өтө татаал диагноз коюлган: курч лимфобластикалык лейкоз (нейролейкемия).

Кайрымдуулук концертинин уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Балдар фонду (БФК), “Сейтек” борбору жана Намазбеков Нурлан Сыртбаевич – «Азия Нур» элдик ыр жана бий ансамблинин жетекчиси, «Сейтек»  борборунун бийчилери жана ырчылары. Толук маалымат үчүн (+996 312) 62-35-77 66-19-64).

Жер жүзүндөгү бардык балдарга тынчтык жана бактылуу балалык!

Бөлүшүү

Комментарийлер