Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ

  • 14.06.2024
  • 0

Улуттун ден соолугу –биздин колдо!!!              

(Б.Турусбеков атындагы КМДТжСА)

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫ КАБЫЛ АЛУУДА  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ.

Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАсы – Кыргыз Республикасындагы заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы. Академиянын карамагында: футболдук-жеңил атлетикалык манежи, гимнастика, спорттук оюндар, оор атлетика, күрөш, бокс, дзюдо залдары, стадион, сууда сүзүү бассейни жана ачык спорт аянтчалары, туризм боюнча машыгууларды өткөрө турган Бишкек шаарынан 30 км аралыкта (Кой – Таш айылында) орун алган  «Спорт» базасы бар. Б.Т.турусбеков атындагы КМДТжСАсы «Дене тарбия жана спорт»  багытында      «бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен үч профиль  боюнча даярдоону иш жүзүнө ашырат:

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫПЕДАГОГИКАЛЫК ПРОФИЛИ:

— педагогикалык жана спорттун улуттук түрлөрү факультети.

Окутуу формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу -5 жыл.

Бул профилге баскетбол, волейбол, гимнастика, атлетикалык гимнастика, жеңил атлетика, туризм, сууда сүзүү, стол тенниси, футбол, күрөш, алыш күрөшү, шахмат, ордо, тогуз коргоол  менен машыккандар, бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.

Гребля, регби, кулатуу, ат оюндары, гандбол жана хоккей спорт түрлөрүнө контракттык негизде гана кабыл алынат.

 СПОРТТУК ДАЯРДОО ПРОФИЛИ:Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫ

-машыктыруу факультети.

Окутуу формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу -5 жыл.

Бул профилге  эркин, грек-рим, аялдар күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, оор атлетика, жаа атуу спорт түрлөрүнө бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат. Контракттык негизде: бильярд, ММА жана панкратион, каратэ, таэквандо спортунун түрлөрү менен машыккандар кабыл алынат, (абитуриенттердин спорттук даярдыгы II-спорттук разряддан жогору болушу зарыл).

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫ АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО   ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ПРОФИЛИ:

— аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультети.

Окуунун формасы: күндүзгү — 4 жыл. Жалпы дене даярдыгы боюнча кирүү сынагынын негизинде кабыл алуу жүргүзүлөт, жашы 25 жашка чейин.

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫМАГИСТРАТУРА

532000 «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча «Дене тарбиянын магистри» квалификациясы ыйгарылат.  «Дене тарбиянын бакалавры» квалификациясы барлар бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат. Окуу мөөнөтү — 2 жыл (күндүзгү) 2 жыл 6 ай (сырттан окуу бөлүмү) бюджеттик, контракттык.

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫКВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА АДИСТИККЕ КАЙРА ДАЯРДОО ФАКУЛЬТЕТИ

“Бакалавр”квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билимдин негизинде 532000 “Дене тарбия жана спорт” багыты боюнча (педагогикалык жана спорттук даярдоо

профилдерине) бакалаврларды даярдоону жүргүзөт.

Окуу мөөнөтү аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат (2,5-3жыл). Кабыл алуу аңгемелешүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

СЫРТТАН ОКУУ ФАКУЛЬТЕТИ :Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫ

Орто, орто кесиптик билимдин базасында бакалаврларды даярдоону камсыз кылат.

Окуу мөөнөтү – 5 жыл.

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КОЛЛЕДЖИ:

Кабыл алуу негизги жалпы билиминин 1 жыл 10 ай жана жалпы орто билиминин базасында 2 жыл 10 ай физикалык даярдыгы сынагынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Окутуу формасы күндүзгү (контракт).

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫКАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ:

Кабыл алуу тандап алган спорттун түрү боюнча тапшырылган кирүү сынагынын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде  жүргүзүлөт (квалификациясын жогорулатуу жана адистикке кайра даярдоо факультетине конкурстук негизде).

Күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы адистиктин бардык түрү  боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарууда аттестаттын (дипломунун) орточо баасы эске алынат.

Бюджеттик (гранттык) орундарга: — Олимпиадалык, Азия оюндарынын, Дүйнөнүн жана Азия чемпионаттарынын женүүчүлөрү, — үстүбүздөгү жылдагы окуучулар арасындагы   Республикалык мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү (тастыктоо  документтери  менен) конкурстан тышкары кабыл алынат.

ОКУУГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Абитуриенттин арызы (Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын кабыл алуу комиссиясында толтурулат);
  2. Мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндөгү документ (аттестат же ЖКБ жөнүндөгү диплом);
  3. Паспорт;
  4. Аскерге жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (эркек балдар үчүн);
  5. 086-У медициналык тастыктамасы (флюрографиянын сүрөтү менен)
  6. Спортсмендин классификациялык китепчеси (машыктыруу профили үчүн);
  7. Сүрөт 3х4 -12 даана;
  8. Медициналык комиссиянын бүтүмү (студ.поликлиникада өтөт);
  9. Почта конверти-5 даана;
  10. Окууга тапшыруудагы документтерди кабыл алуу үчүн – 400 сом.
  11. Жашаган жеринен тастыктамасы (справка)

КАБЫЛ АЛУУДА  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ.

Сынактан сырткары бюжеттик (гранттык) кабыл алууга талапкерлер   төмөнкү тийиштүү документтерди көрсөтүшү керек:Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫ

—  Эл аралык класстагы спорттун чебери (ЭКСЧ) күбөлүгү.

— Кыргыз Республикасынын спорт чебери (КРСЧ) күбөлүгү

— Эл аралык мелдештердин же үстүбүздөгү жылдагы мектеп лигасынын жеңүүчүлөрүн тастыктоочу документтер.

 Окуу үчүн төлөм:

 Күндүзгү окуу – 28 000 сом,

Сырттан окуу – 32 000 сом

К Ж ж А К Д Ф – 36000 сом

Магистратура – 35 000 сом

Колледж – 16 000 сом

Б.ТУРУСБЕКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ  АКАДЕМИЯСЫБиздин дарек:

Бишкек ш. Ахунбаев к., 97

Тел: + 996 0312 57-04-89, Факс: +996 0312 570489

Моб: +996 550 996414, +996 999 31 01 90,  +996 550 01 38 37

Web caйт: www.ksapcs.kg, E-mail: [email protected]

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №LS 210001075 лицензия, 2021ж. (ЖКБ)

Кыргыз Республикасынын  Билим  берүү  жана илим министрлигинин №LS 210001084 лицензия, 2021-ж. (ОКББ)

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер