БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

  • 21.02.2024
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Бабур – достуктун жарчысы” аталышындагы адабий-музыкалык кече өттү.  

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

Иш-чарага Өзбекстанстандын Ош шаарындагы Башкы консулу баштаган сыйлуу коноктор, Кыргызстанда жашаган өзбек калкынын башын бириктирген “Ватандошлор” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттер катышты.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

Куттуктоо сөзүндө коноктор кыргыз-өзбек элинин достугу кылымдарды карыткан бай тарыхка ээ экендигин баса белгилеп, канатташ жашаган бул эки элдин бир туугандык сезимин жандантып, биримдиктин туусун желбиретип, бардык этностордун маданиятын, улуттук баалулуктарын бирдей өстүрүүгө шарт түзгөн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине ыраазычылыктарын билдиришти.

Кеченин жүрүшүндө, эки элдин ортосундагы достукту даңазалаган чыгармалар аткарылды. Мекенди көздүн карегиндей сактап, калк арасындагы биримдикти өнүктүрүү багытындагы патриоттук көркөм окуулар, обондуу ырлар жаңырды.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер