БҮТ ТАЖРЫЙБАМ МЕНЕН БИЛИМИМ – ЭЛ КЫЗМАТЫНА

  • 20.11.2025
  • 0

БҮТ ТАЖРЫЙБАМ МЕНЕН БИЛИМИМ – ЭЛ КЫЗМАТЫНА

1966-жылы 23-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айылында эмгекчил дыйкан үй-бүлөдө төрөлгөн.

“Ата-энем эмгекти сүйүүгө, чынчылдыкка жана жоопкерчиликке үйрөттү — бул баалуулуктар мени өмүр бою коштоп келет”.

Жаш чагынан баштап дзюдо менен олуттуу түрдө машыгып, олимпиадалык резерв мектебинде билим алды. Спорт аны тартипке, сабырдуулукка жана максатка жетүүдө өжөр болууга үйрөттү.

  • Фрунзедеги политехникалык институтунун геология факультетин ийгиликтүү бүтүргөн, адистиги — инженер-геолог. 18 жашка толгондо мекен алдындагы парзын ак ниет менен аткарып, аскерде кызмат өтөдү.
  • Эмгек жолун 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтундагы “Тектоника жана стратиграфия” лабораториясында инженер болуп баштаган.
  • 1992-жылы КР Президентине караштуу Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебине магистратурага тапшырган. 1994-жылы “Ишкердик башкаруу (MBA)” багытында «Канадалык ыкма боюнча Кумтор алтын кенин башкаруу жана уюштуруу» темасы боюнча магистрдик диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
  • 1993-жылы Швецияда жана Түркияда стажировкадан өтүп, эл аралык башкаруу тажрыйбасы жана рыноктук экономика принциптери менен жакындан таанышты. 1994-жылдан тартып USAID жана Price Waterhouse LLP программаларын жетектеп, Кыргызстандагы мамлекеттик ишканаларды акционерлештирүү процесстерине катышты.
  • Мамлекеттик мүлк фондунда, энергетика, мунай-газ жана басмакана тармактарында жетекчилик кызматтарды аркалап, инвестиция жана корпоративдик башкаруу боюнча кеңешчи болуп иштеди.
  • 25 жылдан ашык убакыттан бери «Фондрегистр» ЖЧК башкы директору. Ошондой эле «Кыргызнефтегаз», «Кыргызполиграфкомбинат» сыяктуу ири акционердик коомдордун башкармалыгынын мүчөсү жана төрагасы.
  • Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча бир катар эл аралык долбоорлордо, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкынын программаларын жетектеп, АКШда стажировкадан өттү.
  • 2021-жылы Түркиянын ИНОНУ университетине караштуу “Тургут Озал ооруканасынын” өкүлү болуп иштей баштап, кыргыз хирургдарын боор көчүрүү (трансплантация) багыты боюнча окутуу жана Кыргызстанда трансплантология борборун түзүү долбоорун жетектеп келет. Азыр да «Достук» долбоорунун жетекчиси катары Ысык-Көл облусу менен Түркиянын Элязыг провинциясынын ортосундагы боордоштук байланыштарды бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.
  • 2012-жылдан бери Кыргызстандын корпоративдик директорлор ассоциациясынын вице-президенти.
  • 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2024-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.

БҮТ ТАЖРЫЙБАМ МЕНЕН БИЛИМИМ – ЭЛ КЫЗМАТЫНА

Үлгүлүү үй-бүлөсү бар, жубайы ар дайым жанында, колдоп, ишеним берип, шыктантып келет. Экөө үч баланы тарбиялап өстүрдү:

  • улуу кызы — ийгиликтүү визажист, өлкөдөгү мыкты адистердин бири;
  • уулу — финансист, жеке ишкер;
  • кичүү кызы — жергиликтүү компанияда бухгалтер.

“Мен үй-бүлөм, элим жана жерим менен сыймыктанам. Ишенем — бирге болуп, Кыргызстанды дагы күчтүү, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекетке айланта алабыз!”

ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ

Бүгүн мен депутаттыкка бара жаткан максатым — өз тажрыйбамды жана билимимди өлкөнүн жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн пайдалануу.

Улуттун саламаттыгы — күчтүү мамлекеттин негизи

Мен сунуштай турган биринчи мыйзам долбоорлорунун бири — саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө мыйзам болот.

Негизги максат — дарыгер болууну каалаган билимдүү, таланттуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

  • Медициналык студенттер үчүн мамлекеттик гранттар жана багыттуу стипендиялар;
  • Региондорго келип иштеген жаш дарыгерлерге турак-жай жана кызматтык өсүүгө кепилдиктер.

Балдарга камкордук жана билим — келечекке инвестиция

Бүгүн мектепке чейинки билим берүү тармагы оор абалда. Көптөгөн айылдарда мамлекеттик бакчалар жок, бар болгон бакчаларда болсо 40–50 балага бир тарбиячы туура келет. Бул, албетте, тарбиянын сапатына түздөн-түз таасир этет.

  1. Тарбиячыларга жүктү азайтуу үчүн топтордун нормасын 15 баладан ашырбоо.
  2. Жеке ишкерлерди бала бакча курууга тартуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу:
    • бакча куруу үчүн жеңилдетилген жер берүү;
    • салыктык жеңилдиктер жана мамлекеттик гранттар;
    • сапат жана коопсуздук стандарттарын сөзсүз сактоо.

Бала бакчалардагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору:

  1. Санитардык жана коопсуздук стандарттарын жаңылоо жана милдеттүү кылуу.
  2. Мамлекеттик жана жеке бакчалар үчүн жыл сайын текшерүү жана аттестация.
  3. Тарбиячыларды гигиена, тамак-аш коопсуздугу жана биринчи жардам боюнча окутуу.
  4. Инфраструктураны модернизациялоо: ремонт, жабдууларды алмаштыруу, суу, жылуулукты жакшыртуу.

Ар бир бала — жашаган жери же ата-энесинин кирешесине карабастан — сапаттуу мектепке чейинки билимге жеткиликтүү болушу керек.

Экономика жана жумуш: фермерлерди бириктирүү жана дүйнөлүк рынокко чыгаруу

Менин максатым — фермерлерди кооперативдерге бириктирүү, бирок алардын жер, мал жана техника боюнча жеке менчигин сактап калуу.

Кооперативдер төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
• сапаттуу продукцияны бирдиктүү стандарт менен чыгарууга;
• «Made in KG» бренди менен экспортко чыгууга;
• өндүрүштү модернизациялоого инвестиция тартуу.

Бул үчүн сунушталчу мыйзамдар

  1. Агрокооперативдер жөнүндө мыйзам
  2. Агрардык инвестицияларды колдоо жөнүндө мыйзам
  3. Сапат стандарттары жана экспорттук сертификаттоо жөнүндө мыйзам
  4. Фермерлерди мамлекеттик колдоо жөнүндө мыйзам

Бул мыйзамдар фермерлердин кирешесин көбөйтүп, жумуш орундарын түзүп, региондун экономикасын бекемдейт.

Маданият, спорт жана активдүү жашоо

Күчтүү коом — бул экономика гана эмес, руханий турмуш да. Мен сунуштайм:
• маданият үйлөрүнүн ишин кайра жандандыруу;
• айылдарга заманбап спорт аянтчаларын куруу;
• балдар жана жаштар үчүн акысыз спорт секцияларын ачуу;
• улгайган адамдар үчүн «Активдүү узак өмүр» программасын ишке киргизүү.

Мыйзамдарга өзгөртүүлөр:
• жергиликтүү бюджеттен кеминде 1% массалык спортко бөлүү;
• “көчө спорту” жана “спорт сүйүүчүлөр” түшүнүгүн мыйзамда бекитүү;
• айыл өкмөттөрүнүн милдеттерин так аныктоо;
• спортту колдогон бизнеске салыктык жеңилдиктер.

Мамлекеттик кызматкерлердин эл алдындагы жоопкерчилиги

Кыргызстандагы эң чоң системалык көйгөйлөрдүн бири — бийликтин элге жоопкерсиздиги.

Кагазда баары жакшы көрүнгөнү менен, иш жүзүндө:
• чечимдер коомчулуктун катышуусуз кабыл алынат;
• формалдуу отчёттор;
• коррупция;
• элдин бийликке таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелген.

Чыныгы жоопкерчилик үч таянычка негизделет:

  1. Саясий жоопкерчилик
  2. Укуктук жоопкерчилик
  3. Коомдук жоопкерчилик жана ачыктык

Зарыл чаралар:
• министрлердин жыл сайын ачык отчету (онлайн трансляция менен);
• элдик петиция механизми;
• маалыматты жашырган же жалган отчет бергендер үчүн жоопкерчилик;
• көз карандысыз коомдук аудит органы;
• министрлер үчүн жеке KPI;
• “Ачык өкмөт” системасын киргизүү.

Эл бийликтин кожоюну болушу керек.

Адам — эң жогорку баалуулук

Мен ишенем: ар бир адам — кайсы жерде жашабасын, кесибине же кирешесине карабастан — жакшы жашоого татыктуу .
Менин депутат катары негизги милдетим — элдин үнүн жеткирүү жана чыныгы чечимдерди ишке ашыруу.

Биз биргелешип адилеттүү, дени сак жана күчтүү коомду кура алабыз!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер