Бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык конференциясы
- 16.12.2025
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Немис академиялык алмашуулар кызматынын (DAAD) 100 жылдыгына арналган DAAD бүтүрүүчүлөрүнүн Эл аралык конференциясы болуп өттү.

Иш-чараны КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард, DAADтын Борбор Азия боюнча башчысы д-р Герман Циммерман, ошондой эле DAAD-Alumni Кыргызстан ассоциациясынын президенти жана КГТИнин директору проф. Анипа Абылбековна Усупкожоева расмий түрдө ачышты.

Конференцияга DAADдын Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрү, Германиянын элчилигинин өкүлдөрү, DAAD жетекчилиги жана Борбордук Азиядагы алдыңкы илимий-билим берүү мекемелеринин адистери катышты.
Биринчи күндүн жүрүшүндө катышуучулар DAADдын билим берүү, илим, инновация жана маданий диалогду өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу талкууларга катышып, бир катар панелдик сессиялар жана тематикалык воркшоптор өткөрүлдү.
Конференция эл аралык кызматташууну чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө маанилүү аянтча болуп кызмат кылат.
Бөлүшүү








Комментарийлер