БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН БИЛИМИНЕ ЫРААЗЫ БОЛДУК
- 09.06.2023
- 0
Кыргызстанда журналисттик адистерди даярдаган бир топ университеттердин арасында Ага-Хан фонду каржылап, үч мамлекеттин тоолуу аймактарында ачкан Борбордук Азия университети да үчүнчү ирет келечек журналисттердин чакан тобун чоң турмуш жолуна чыгарды.
Насип буюруп, мени үч ирет катары менен ушул университеттин Мамлекеттик комиссиясынын төрагасы катары чакырышты. Үч жыл катары менен, биринчи жылы онлайн ыкмасы менен, кийинкилерин кадимкидей эле Нарынга барып, бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштерин коргоосуна тикелей катышып келдим.
Буга чейин деле Тыныстанов атындагы Улуттук университеттин, Борбор Азиядагы америкалык университеттин, Эл аралык Кувейт университетинин Мамлекеттик комиссиясынын төрагасы катары иштеп, студенттердин дипломдук иштерди даярдоосу, түшүнүүсү, өз жыйынтыктарын коргой билүүсүн салыштырганга, тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк болгон.
Башкаларга салыштырмалуу Нарында окуп, дипломдук иштерди даярдап, өз оюн элге так айтып, иштин максаты эмне экендигин жеткиликтүү түшүндүрүп берүүгө даяр болгондор быйыл өзгөчө көзгө көрүндү. Буга чейин мага таасир калтыргандар негизинен БААУдан чыгышкан. Алардын темалары актуалдуулук жагынан алганда да, иштин аткарылышы да, сапаты да бир топ бийик болгону таасир калтырган. Арасындагы азыркы турмушка ылайыктуу деңгээлдеги дипломдук иштерге комиссия мүчөлөрү да, бизнеске байланышы барлар да кызыкканы байкалган. Демек, ал дипломдук иштер жөн гана кагазда калбастан, турмушта ишке аша тургандай проекттер экендиги түшүнүктүү эле. Саны жагынан алар аз болсо да, жалпы дипломдук иштер жыйырмага жакын болсо, алардын үч-төртөөсү ошондой бийик деңгээлде жазылган эле. Бул көрүнүш 2016-2017-жылдары болгон.
Бул жылкы Нарындагы Борбордук Азия университетинин бүтүрүүчүлөрү саны жагынан 18 студент болсо, алардын жарымынан көбүнүн коргоого чыгарган дипломдук иштеринин актуалдуулугу заман, турмуш талабына шайкеш келгени менен өзгөчө таасир калтырды.
Дипломун коргоого келгендердин үчөө эле кыргызстандыктар экен. Үчөөнүн тең иштери мактоого арзыйт. Бири Кыргызстандык корей улутундагы Алина Нам аттуу кыз өзүнүн дипломдук ишинде көпчүлүк элге жакшы белгилүү кыргызстандык корей улутундагы диаспоранын тарыхы менен турмушун 20 мүнөттүк тасмада чагылдырган. Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы, корейлер тууралуу атайын изилдөө жүргүзүп, документалдуу фактылар менен алардын тарыхы, маданияты, башынан өткөргөн кыйынчылыктары тууралуу, коомчулукка такыр эле белгисиз киноархивдик маалыматтарды тартуулап, тасманын мазмуну да, эмоционалдык таасири да күчтүү экендигин көрсөтө алган. Комиссиянын бардык мүчөлөрү бүтүрүүчүгө ишти улантууга, ал турсун чоң телекомпанияларга сунуш кылып, эфирге ушу бойдон чыгарууга кол кабыш кылуу керектигин айтып чыгышты.
Экинчи кыргызстандык Ат-Башы районунан келип, университетти ийгиликтүү аяктап жаткан Айбек аттуу кара тору жигит өзү билим алган университетке, группалаштарына абдан ыраазы экендигин айтып, бир жашып алды. Бирок ал таланты ташкындап бараткан жаш режиссер экендигин далилдей алган кыска метраждуу тасманы дипломдук иш катары коргоого алып чыгыптыр. Анда Кыргызстанда дале болсо көйгөйлүү бойдон калган ала качуу маселесин бир атанын тагдыры аркылуу көргөзгөн. Түрдүү техникалык кемчиликтерине карабастан анын көрсөткөн тасмасы да комиссия мүчөлөрүн кайдыгер калтырган жок. Кээ бирлери Айбекти “Кыргызкиносуна” сунуш кылууну айтып чыгышса, тасманы ушу бойдон эле телеэфирге сунуштоо зарылдыгын баса белгилегендер да болду.
Мүнөзү токтоо Айбек бул тасма ал өзү каалаган деңгээлге чыккыча көпчүлүккө көрсөткүсү келбегенин ачыктап, тасманы дагы бир жолу толук кандуу кылып чыгарууга дилгир экендигин айтты.
18 дипломчунун көпчүлүгүн Тажикстандын Памиринен келген жаштар түзөт экен. Арасынан Шахноза аттуу бүтүрүүчү кыз Тажикистандагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Бадахшандагы тургундардын оор турмушу жана алардын аргасыздан сыртка чыгууга мажбур болгон окуяларын баяндаган подкаст материалы Комиссия мүчөлөрүнө абдан чоң таасир калтырды. Университеттин окутуучуларынын бири өз ою менен бөлүшүп, Шахнозанын кылганы бир жагынан айтылган теманын мазмуну боюнча эрдик экендигин көрсөтсө, экинчи жагынан өз элинин келечек тагдыры абдан ойлонторун көрсөтүп жатат дегени менен баары макул болушту. Комиссия мүчөлөрүнүн бардыгы Шахнозага эң бийик баа беришип, анын накта кесипкөй журналист боло аларына эч шек жок экендигин баса белгилешти.
Тажикстандык дагы бир студенттин Бишкек шаары тууралуу тарткан видеотасмасы учурдагы чоң көйгөйгө байкалбастан айланып бараткан шаар ичиндеги жарнактарга арналган ой жүгүртүү экен. Анын актуалдуугу эбактан бери Бишкекте көтөрүлүп келатканы менен, шаардын тургундарына текши жете элек. Дипломчунун сунушу боюнча шаардык архитектура бул ишти колго алып, шаардык бийликтер чара көрбөсө, анда Бишкек мындан 20 жыл мурунку кытайлык провинциалдуу шаарынан эч айырмасы болбой калат деген оюн билдирген.
Памирлик Анис аттуу жигит өзүнүн дипломдук ишин коргоодо памирликтер илгертен бери куруп келаткан тажик үйүнүн тарыхы менен мааниси, азыркы абалы боюнча эсте калаарлык видеотасма тартуулады. Анын илимий баалуулугун кийинки муун жакшы баалайт. Анткени миң жылдан бери сакталып келаткан бул өзгөчө ыкмадагы үй салуу акырындап унутулуп баратканы көрсөтүлгөн.
Ар бир дипломдук иш чоң аракет менен жазылганы билинип турду. Ар бир ишин коргоп жаткан студент тандап алган кесиби боюнча жетишерлик деңгээлдеги билимге ээ экенин жана жакшы адистердин катарын толуктай ала турганын далилдей алышты.
Дипломдук иштердин ар бири уникалдуу жана учурдун талабына ылайыктуу, актуалдуулугу жагынан бийик деңгээлде болду.
Тилекке каршы, кыргызстандык университеттердин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук иштеринин деңгээли УЦА бүтүрүүчүлөрүнүкүнө караганда көпчүлүк учурларда төмөн болгондугун аргасыздан айтуу зарыл.
Бул да Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын билим берүү деңгээли жана талаптары оң жакка өзгөрүүгө муктаж экендигин айгинелейт.
Мамлекеттик комиссиянын курамында жаңы зеландиялык, астралиялык, улуу британиялык жана кыргызстандык адистер онлайн жана аралашма форматында иш алып барышып, быйылкы дипломдук иштердин сапаты былтыркы дипломдорго караганда жогору болгонун баса белгилешти.
Кубанычбек Таабалдиев, Кыргыз Респбликасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, “Кабар” маалымат агенттигинин мурдагы директору
Комментарийлер