Бүтүрүүчүлөр Tunduk аркылуу документ ала алат

  • 04.07.2024
  • 0
Кыргызстанда 2018-жылдан кийин мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн аттестат жана күбөлүктөрү санариптешти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Эми аттестат жана күбөлүктөрүн жоготуп алгандар документтин электрондук вариантын Tunduk мобилдик тиркемесинен же attestat.edu.gov.kg порталынан жүктөп алууга болот.
Мындай мүмкүнчүлүк 2018-жылдан кийин мектепти аяктагандарга гана жеткиликтүү болот.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-2024-окуу жылында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 76 миң 244 аттестат, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 127 миң 176 күбөлүк кагаз жана электрондук варианттарда даярдалган.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү

Комментарийлер