Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ
- 08.07.2021
- 0
Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИНЕ КУШ КЕЛИҢИЗДЕР!
Кочкор-Ата колледжи 1981-жылы Кочкор-Ата электрондук приборлор техникуму болуп уюшулуп, 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курамына кирген, ал эми 2008-жылдын декабрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Кочкор- Ата колледжи болуп аты өзгөртүлдү. Биздин колледж орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик окуу жай деп эсептелинет. Азыркы учурда бул окуу жайда, төрт бөлүм, 56 инженердик-окутуучулар курамы эмгектенет, анын ичинде: эки илимдин кандидаты, 16 билим берүүнүн мыктысы, үч ага окутуучу, 35 окутуучу, үч окутуучу «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунан келип сабак өтөт. Окутуучулар курамы талапка толук жооп берет. Азыркы мезгилде Кочкор-Ата колледжинде – 1000ден ашык студент билим алып жатат.
Бизде студенттер үчүн төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөн:
— Ар түрдүү спорт секциялары жана көркөм чыгармачылык ийримдер;
— Интернетке туташкан эки компьютердик класс, акысыз Wi-Fi жана маалымат борбору;
— Электрондук библиотека;
— Лингафондук класс;
— 120 орундуу актовый зал жана илимий конференция өткөрүү үчүн салтанаттуу жыйындар залы;
-Толук жабдуулары менен 12 окуу лабораториялык кабинет;
— 14 миңден ашык китепби бар китепкана жана окуу залы;
— Спорттук зал, стадион, заманбап футболдук аянтча.
ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН №LC140000098 16.07.2018-ж. ЛИЦЕНЗИЯНЫН НЕГИЗИНДЕ ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР ЖАНА АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛУУНУ ЖҮРГҮЗӨТ:
- Экономика жана башкаруу 080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп»(тармактар боюнча); — контракттык негизде;
- Технологиялык машиналар жана жабдуулар 190604 «Автомобиль транспортторун оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө» — контракттык негизде;
- Технологиялык машиналар жана жабдуулар 190603 «Транспорттордун электр жабдыктарын жана автоматикасын тейлөө» (транспорттук түрлөрү боюнча) — контракттык негизде;
- Нефтегаз иштери 130503 «Мунайзат жана газ кендерин ишке киргизүү жана иштетүү» — бюджеттик жана контракттык негизде;
- Нефтегаз иштери 130504 «Мунайзат жана газ кендерин бургулоо» — контракттык негизде;
- Нефтегаз иштери 240404 «Нефтини жана газды кайра иштетүү» — контракттык негизде;
- Билим берүү 050709 «Башталгыч класстардын мугалими» — бюджеттик жана контракттык негизде;
- Билим берүү 050704 «Мектепке чейинки билим берүү» — контракттык негизде;
- Информатика жана эсептөө техникасы 220206 «Башкаруунун жана маалымдоонун автоматташтырылган системасы» — бюджеттик жана контракттык негизде.
ОКУУ МӨӨНӨТҮ:
Күндүзгү окуу:
— 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай;
— 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
Сырттан окуу:
— 11-класстын базасында – 2 жыл 6 ай.
КОЛЛЕДЖГЕ ОКУУГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ:
- Директордун наамына жазылган арыз;
- Орто билим жөнүндө аттестат же толук эмес орто билим жөнүндө күбөлүк, же алган билими тууралуу диплом тиркемеси менен;
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
- Скоросшиватель жана конверт.
- Паспорт же туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү
БИЗДИН ДАРЕК:
Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Кочкор-Ата ш., Транспортная к.5,
Телефондору: (03734) 5-31-35, 5-34-68, 0554010071
Электрондук почта: ca_college@mail.ru
Комментарийлер