Б.Каримджанов: “МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРЫБЫЗ КӨП БОЛСО ДЕЙМ”

  • 27.02.2026
  • 0

Аскер кызматынын ардагери, Баткен коогалаңынын катышуучусу Болатхан Каримджанов эс алууга чыккандан бери Бишкек шаарындагы №83 мектептин жогорку класстарынын окуучуларына аскерге даярдоо сырлары менен бөлүшүп келатат. Мектепте иштеген ушул мезгил аралыгында армияда, чек арада иштеп топтогон тажрыйбасын жаш муундарга үйрөтүүгө жасаган далалаты таасирдүү болуп, жаштар арасында анын жолун жолдогон балдар арбын.

Б.Каримджанов: “МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРЫБЫЗ КӨП БОЛСО ДЕЙМ”

— Мен көп жыл армияда кызмат өтөдүм. Өзүм 1957-жылы Казакстандын Алма-Ата облусунда төрөлгөм. Апам жердиги таластык кыргыздын кызы болгондуктанбы, ал ооруп калганда 1971-жылы Кыргызстанга, тагыраагы Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарына көчүп келдик. Ошол жерден мектепти аяктап, Советтик Армиянын катарына чакырылдым. Адегенде ГДРда, тагыраак айтканда Германияда болдум. Өмүрлүк жарым да чек ара кызматында иштеген аскер кызматчысы эле. Экөөбүз тең ошентип көчүп-конуп жүргөндүктөн, төрт балдарыбыз да ар кайсы мектептерде окуп жүрүштү, кичүүбүз гана бир мектепте туруктуу окуду. Азыр кудайга шүгүр, баары үйлүү-жайлуу, мен азыр кичүү уулумдун колунда турам, — дейт.

Бир үйдө эки аскер кызматкери жетиштүү дештиби же чын эле көчүп-конуп жүргөндөрү көкөйүнө көк таштай тийдиби, айтор Болотхан Батырхановичтин балдарынын ичинен эч кимиси аскердик кызматты тандаган жок. А бирок агай өзү сүйгөн кесибинен алыс кеталбай, ардактуу эс алууга чыккандан кийин жолдошторунун сунушу боюнча мектепте “военрук”, б.а. аскерге даярдоо сабагынан мугалим болуп орношту.

— Кыргызстанга көчүп келгенден кийин бул жактан да аскердик кызматымды уланттым. 1999-жылы түзүлгөн Лейлек отрядында кызмат өтөп жүрүп Баткен коогалаңына да катышкам. 2003-жылы борбордук батальонго чакырылып, үч жылдан кийин ардактуу эс алууга чыктым. Аскер кызматкерлери пенсияга эрте чыгат эмеспи, үйдө олтурганча кошумча иштей берейин деп промзонада иштеп жүрдүм. Айтор мектепке иштөөгө деле кокусунан келип калганым жок, аны мага жолдош балдарым сунуштап калышты. Андан бери ондогон жылдар өтүп кетиптир, адегенде бир-эки мектепте удаа иштеп жүрүп, 2016-жылдан бери азыркы мектебимде иштеп жүрөм.

Балдарды аскерге даярдоо сабагы өтө кызыктуу жана жоопкерчиликтүү милдет. Айрыкча эркек балдар үчүн эң керектүү деп ойлойм. Советтер союзунун тушунда талаптар да, шарттар да башкача эмес беле, ошого жараша аскердик милдетти өтөө талабы да өзгөчө болчу. Азыр баары башкача, балдар да башкачараакпы деп ойлоп коем. Кандай болгон күндө да, Мекен коргоо деген эң маанилүү милдетти өтөй турган жигиттерибиз биздин эмгегибизди, ата-энелеринин ишенимин актаса болду, — дейт Болотхан агай.

Б.Каримджанов: “МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРЫБЫЗ КӨП БОЛСО ДЕЙМ”

Эркек балдарды сабагына кызыктыруу үчүн аларды тек гана туура кадам жасоого үйрөтө бербей, ар түрдүү аскердик-патриоттук маанайдагы кароо-конкурстарга катыштырса кыйла жемиштүү болорун жакшы билген тажрыйбалуу мугалим окуучу балдары менен “Эр жигит” конкурсуна үзгүлтүксүз катышып келет. Ал даярдаган балдар райондук мелдештерде мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, шаардык деңгээлдеги сынактарда да өз күчтөрүн сынап жүрүшөт. Бир жолу республикалык деңгээлге чейин жетишкен.

Аскер кызматына жөн салды жигиттерди албайт. Анын катарына ден соолугу мыкты, чыдамкай, эрктүү, эр жүрөк балдар тандалып алынат эмеспи.

— Менде азыр төрт 10-класстын окуучулары жана үч 11-класстын окуучулары болуп баардыгы жети класс окуйт. Балдарыма ыраазымын, мектепте кандай иш-чаралар болсо баардыгына активдүү катышат. Биздин милдет – балдарды тарбиялап, аскер кызматына даярдоо. Бардык жагынан төп келишкен балдарды аскерге бир жылга эле эмес, биротоло калып кызмат өтөөгө, мекенди коргоого үгүттөйбүз, анткени күч түзүмдөрүнүн жоокери болуу оңой эмес. Аскер кызматында жүргөн балдардын статусу да жогорулап жатканы балдарды дагы көбүрөөк кызыктырат деп ойлойм.

Окуткан балдарымдын арасында аскердик кызматты тандап алган балдар бар. Быйыл эки балам Бишкектеги аскердик жогорку институтту аяктап жатат, дагы эки балам ИИМнин академиясында окуйт, андан тышкары көп балдарым армияда кызмат өтөп жүрүшөт, бул да болсо биздин эмгегибиздин акыбети, кайтарымы деп билем. Алар мектепти аяктап кеткенден кийин да байланышып, кабарлашып турабыз, балдарымдын ийгиликтерин укканда кубанып калам, — дейт ал сыймыктанып.

Б.Каримджанов: “МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРЫБЫЗ КӨП БОЛСО ДЕЙМ”

Өмүрүнүн күлгүндөй жаш кезин Ата мекен чегинде темирдей бекем аскердик тартипте өткөргөн адамдын мүнөзү, ойлору деле ошондой тартипте  жоопкерчиликтүү, тартип сүйгөн калыбында калыптанып калса керек.

Болотхан Батырханович чек арада кызмат өтөгөн жылдарда, андан кийинки Баткен согушуна катышкан кезде жана учурда мектепте иштеп жүрүп  Президенттен, Агартуу министринен, мэриядан алган Ардак грамоталарды, алкыш каттарды көргөзүп жатканда ушунун баары көп жылдык мээнетинин жемиши экендигине сыймыктанганы байкалып турду. Мындай маанай өзүнүн ишинен канагат алып, ыраазы болгон чакта болору анык. Ал колу бошой калганда чек арада чогуу иштеп жүргөн жолдошторунун, мектепти аяктап туш-тушка тарап кеткен окуучуларынын сүрөттөрүн, чөнтөк телефонундагы окуучулары менен катышкан иш-чараларды чагылдырган видеолорду караганды жакшы көрөт. Кантсе да ошол кездерин сагынат окшобойбу…

Б.Каримджанов: “МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРЫБЫЗ КӨП БОЛСО ДЕЙМ”

Мектептин директору Канетова Эльвира Орузбаевнанын кесиптеши жөнүндө мындай жылуу пикирин билдирди:

— Болатхан Батырханович өзү чек ара аскеринин отставкадагы прапорщиги. Бизде иштеп келатканына эле он жылдан ашты. Мектепте 10-11-класстарга аскерге чейинки даярдоо предмети боюнча окуу программасына ылайык окуучуларды мекенди сүйүүгө, бекем тартипке, бийик жоопкерчиликке, эрктүүлүккө тарбиялоого чоң салым кошуп келатат. Кабинети да аскерге даярдоого керектүү бардык жабдыктар, материалдар менен жабдылган. Сабагында заманбап усулдарды колдонуп, аскердик тартип, патриоттук идеологияны окуучулардын аң-сезимине сиңирүүгө бардык күч-аракетин жумшайт. Окуучулар арасында аскердик спорттук оюндарды үзгүлтүксүз уюштуруп турат. “Эр жигит” аскердик-патриоттук конкурсуна көп жылдар катары менен окуучуларды даярдап, райондо, шаарда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп эң алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Агайыбызды өз ишинин мыкты чебери катары окуучулар да, бирге иштеген кесиптештери да жогору баалайбыз, — дейт мектеп директору.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер