БҮГҮН ПАРИЖДЕ ОЛИМПИАДАНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛОТ

  • 26.07.2024
  • 0

БҮГҮН ПАРИЖДЕ ОЛИМПИАДАНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛОТБүгүн жума күнү, 26-июлда  XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Салтанаттуу ачылыш Бишкек убактысы боюнча 23.30да башталат.

2024-жылы Парижде баштала турган оюндарда уюштуруучулар тарыхый чечим кабыл алышкан. Олимпиаданын ачылыш аземи биринчи жолу стадиондо эмес, Сена дарыясынын боюнда жана жээгинде өткөрүлөт. Ар бир делегация өзүнчө кайык менен келет. Маршруттун узундугу 6 чакырымды түзөт. Бардык кемелер, алардын 94кө жакыны, спортчуларды да жакындан көрүү үчүн  атайын камералар менен жабдылган. Ошентип, олимпиада оюндарынын ачылыш аземине 200дөн ашык спорттук делегациянын Сенага келиши күтүлүүдө. Алгач Олимп оюндарынын мекени болгон Грекиянын спортчулары чыгышып, байыркы оюндарга таазим кылышат, андан кийин качкындар делегациясы чыгат.

БҮГҮН ПАРИЖДЕ ОЛИМПИАДАНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛОТКалган өлкөлөр алфавиттик тартипте көрсөтүлүп, кабыл алуучу өлкө катары Фрацния акыркы болуп келет.  Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы катары менен 98-орунга чыгат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети билдиргендей, олимпиаданын  ачылыш аземде Кыргызстандын туусун дүйнө жана Азия чемпионаттарынын байге ээси, дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.  Өлкөбүздүн олимпиадалык команданын капитаны балбан Акжол Махмудовго Президент Садыр Жапаров Кыргыз туусун тапшырган.

Парад 6 чакырымдык маршрутту басып өткөндөн кийин Трокадеро аянтынын алдында аяктайт. Анда кийин салтанаттын калган бөлүгү жана акыркы ачылыш шоу-концерттик бөлүгү уланат.

БҮГҮН ПАРИЖДЕ ОЛИМПИАДАНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛОТОлимпиаданын ачылыш салтанатына кыргызстандык спортчулардан:  мушкер Мунарбек Сейитбек уулу башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу менен,  дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов жана улук машыктыруучу Сергей Кладнов менен, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских башкы машыктыруучу Евгений Петрашов менен катышаары учурда такталууда.  Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Марат Кожоматов да болот. Ал эми балбандар Ысык-Көлдө акыркы машыгуударын өткөрүп жаткандыктан августтун башында Парижге барышат.

Өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашовдун жетекчилиги менен Париждеги сууда сүзүү мелдешине биринчилерден болуп сууда суучул Денис Петрашов 27-июлда катышат.

Орус спортчулары оюндардын ачылыш аземине катыша алышпайт жана алардын сыйлыктары медалдык таблицада көрсөтүлбөйт. Орустар улуттук символикаларды колдонбостон, жеке дисциплиналар боюнча гана мелдешке  катыша алышат.

25-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барган. Сапар Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен болду.

БҮГҮН ПАРИЖДЕ ОЛИМПИАДАНЫН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫ БОЛОТ Садыр Жапаров “Спорт туруктуу өнүгүү үчүн. Тезирээк, жогорураак, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталыштагы Париж саммитине катышат. Ошондой эле Сенадагы олимпиаданын ачылыш салтанатына дагы күбө болмокчу.

Париж Олимпиадасы 2024-жылдын 24-июлунан 11-августуна чейин өтөт. Францияга 205 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу келет. Спорттун 32 түрү боюнча 329 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын намысын  16 спортчу коргоп, спорттун беш түрүнөн олимпиадалык мелдештерге катышат.

 

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер