«БҮГҮН БИЗГЕ ЖООМАРТ КЕРЕК!»
- 02.10.2024
- 0
Ушундай аталыштагы поэзия майрамы бүгүн, 2-октябрда, борборубуздагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунда болуп өттү.
Студент жаштар биринен бири калышпай «кыргыз поэзиясынын туу чокусу», «бир ыры экинчисине окшошпогон», улуу Алыкулдун сөзү менен айтканда, акындык таланты «Шырдакбектин жоргосундай бар» чебер лирик, драматург, котормочу, журналист, биринчи кыргыз сценаристи, улуу Токтогулдун мурасын изилдөөгө өмүрүнүн төрт жылын арнаган таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин ырларынан, поэмаларынан, тамсилдеринен үзүндүлөрдү көркөм окуп жатышты. Көркөм окуп гана тим болушпастан, бир канчасын, атай кетсек, «Жылан менен бака» тамсилин, «Чептен эрдин күчү бек» поэмасын сахналаштырып да беришти.
Студенттердин агайы, жаңыдан кайра түзүлгөн институттун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Улан Мамбетакунов да катардан калбай, акындын жаштарга арнаган ырынан көркөм окуду.
Ал эми Жоомарт Бөкөнбаевдин келини, профессор Ишенгүл Болжурова студент жаштарга Жоомарт атабыз 17 жашка чыга элек кезинде Баткенге барып, ал жерде биринчи мугалим болгонун, түндүк, түштүк диалектилерин, говорлорду жакшы билгендиктен, тилди илгеп, кыргыз адабий тилинин калыптануусуна зор салым кошконун, азыркы Ала-Тоо аянтына Н.К.Крупскаянын аты берилээрде, Борбордук комитетке чейин кирип, кыргыздын жүрөгүнө жакын аталышты сунуштаганын айтып өттү.
34 жашында кырсыктан каза болгон акындын уулу, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, мүчө-корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кулубек Бөкөнбаев жаштарга ыраазы болуп: «Мен атамдан төрт жашымда калдым. Көп нерсеси эсимде жок. Бирок силердин сахнада ушунчалык берилип аткарып жатканыңарды көрүп, көзүмө жаш алдым. Демек атам өлбөптүр! Кыргыз эли турганда, силердей жаштар турганда, атамдын аты, чыгармалары эч унутулбайт!» — деди.
Кеченин аягында мекенчил акындын уул-келини поэзия кечесине активдүү катышкан окуучу жаштарга «Бүгүн бизге Жоомарт керек» китебин белекке берип, окуу жайга болсо өз китепканасынан ала келишкен эң баалуу китептерди тапшырышты.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер