БӨБӨКТҮ КАНТИП БӨПӨЛӨЙБҮЗ

  • 05.06.2020
  • 0

БӨБӨКТҮ КАНТИП БӨПӨЛӨЙБҮЗ

(Бир жашка чейинки баланы багуу эрежелери)

 

Балдар бурчу. Баланын дени сак өсүшү үчүн тазалык жана таза аба эң керектүү шарт болуп эсептелет. Балага квартиранын эң жакшы бөлмөсүн, бөлмөнүн жакшы жерин бөлүштүрүү керек. Бөлмөдө аба, жарык жетиштүү болуп, керектүү гана мебель коюу керек (к. Балдар бөлмөсү жана Балдар бурчу). Чаңдабас үчүн кургак щётка же кургак шыпыргы менен бөлмөнү шыпырбоо керек. Кун сайын полду, мебелди, терезенин текчелерин ным чүпүрөк менен сүртүп, шыптагы жана дубалдын боорундагы чаңды жума сайын шыпырып туруу керек. Бөлмөнү тазалоо учурунда баланы сыртка сейилдетип жүргөн оң. Кышында бөлмө ар бир 2—3 ста 10—15 миндан желдетилет. Жайында терезени күнү бою ачып, терезеге тор же даки тартуу керек. Эгер шарт туура келсе, баланы терезени ачып коюп уктаткан оң. Бөлмөгө күндүн жарыгы көбүрөөк түшсүн үчүн күндүз парда тартпоо керек.

Өтө жылуу бөлмөдө кармалган балдарга суук бат тиет. Бөлмөнүн температурасы 18°Сден 20°Сге чейин болгону жакшы (ымыркай бала үчүн 21—22°С). Бала турган үйдө чылым чегүүгө болбойт. Баланы багууга пайдалануучу бардык буюмдар керебеттин жанына коюлган кичинекей столдун үстүндө даки жабылып турууга тийиш. Баланы багууга эң керектүү буюмдар: вазелин май жана кебез, упчу, дененин жана суунун температурасын өлчөөчү термометр, клизма үчүн № 1 баллончо, жылыткыч, көзгө дары тамчылаткыч, бор кислотасынын 2%түү жаңы эритмеси, марганец кычкыл калийдин мала кызыл жаңы эритмеси, йод же бриллиант жашылынын эритмеси.

 

Даярдаган Аттокур Жапанов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер