АЙЫЛГА КИТЕПКАНА АЧКАН МУГАЛИМ

  • 20.08.2021
  • 0

Алайкуулук Самара Саадалова өмүрлүк жолдошу менен биргелешип Кара-Кулжа районундагы Хан Коргон айылына китепкана үчүн атайын имарат курушкан. Бул имаратка жубайлар жалпысынан 600 миң сом каражат коротушкан.

АЙЫЛГА КИТЕПКАНА АЧКАН МУГАЛИМ

Кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин бүтүргөн Самара Саадалова өзүнүн айтымында ОШ мамлекеттик университетин бүтүрүп, дипломун колго алган жылы бул айылдын мектебинен орун таба албаган соң, жолдошу менен кеңешип, айылга чоң китепкана ачууга бел байлашат. Ошентип, китепканасы жок Хан Коргон айылына жубайлардын колдоосу менен ажайып китеп дүйнөсү бар рух очогу пайда болот.

АЙЫЛГА КИТЕПКАНА АЧКАН МУГАЛИМ

Бүгүнкү күндө китепканада сегиз миңден ашык китеп бар.  Самара Саадалова өзү ачкан  китеп ордосунда башкы китепканачы болуп иштеп жатат. Ал “Ыйык мекен” ырлар жыйнагынын автору. Райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн бир катар  конкурстардын да жеңүүчүсү.  Жубайлардын айыл калкынын маданиятын, рухун көтөрүүдөгү мындай зор аракеттерине андагы эл ар дайым ыраазычылыгын айтып турушат.

М.Токторов,

“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер