АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ УБАКТЫЛУУ БАШ КАЛКАЛООЧУ ЖАЙ УЮШТУРУЛДУ

  • 11.07.2024
  • 0

Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен 11-июлга караган түнү саат 1:30га карата жалпы 137 жаран, алардын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ УБАКТЫЛУУ БАШ КАЛКАЛООЧУ ЖАЙ УЮШТУРУЛДУ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак,  ал жерде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Айткулов баштаган үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Баткен району боюнча ӨКБнын өрт өчүрүүчү куткаруучулары эвакуциялоо иштерин жасап жатышат.

Айыл мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду.

Буга чейин сел суулары каптаган Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинен элдерди коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал жактан жалпы 108 жаран, алардын ичинен 40 жаш бала коопсуз жайга көчүрүлдү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер