АЙЫЛ ЧАРБАСЫ — КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

  • 25.05.2024
  • 0

 

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

ТАЛАС АГРАРДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

2024-2025-окуу жылына кабыл алууну жарыялайт.

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

ЖАКШЫ БИЛИМ! ИЙГИЛИКТҮҮ КАРЬЕРА!

Биздин окуу жай 1991-жылдын 18-июнунда Кыргыз Өкмөтүнүн № 289  токтомунун негизинде уюшулган.

Педагогикалык потенциалы:

Колледждин окуу-тарбия процессинде 32  жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенет. Алардын ичинде эки биология  илимдеринин кандидаты, бирөө Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,   1 ага илимий кызматкер, 1 Россия табият таануу академиясынын профессору жана 12 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн  мыктылары   бар. Колледж ачылгандан баштап 4859 ашуун атайы орто билимдүү адистерди чыгарды, анын ичинен 280 артыкчылык дипломго ээ болушту.

Кесиптик орто билим берүү укугун тастыктаган  № LC 190002195 лицензиясы жана көз каранды эмес аттестациянын   ООЖ  № VK 240000455 сертификаты бар.

АРТЫКЧЫЛЫГЫБЫЗ:

  • Колледж заманбап материалдык-техникалык базага ээ:
  • Инновациялык жабдуулар менен жабдылган лабораториялар;
  • Заманбап электрондук китепкана;
  • Спорт клубу жана спорт аянтчасы;
  • Интерактивдүү жабдуулары жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар эки компьютердик класс;
  • Студенттер окуу мезгилинде кошумча айдоочулук күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгү бар

 Бүгүнкү күнү биз төмөндөгү  адистиктер боюнча  даярдоону жүргүзөбүз:

  • 110302 Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

Электр тармактар ишканаларында жана чарба жүргүзүүчү субъектилерде иштөөгө жөндөмдүү техник электриктер даярдалат.

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

  • 120301 Жерге жайгаштыруу

 Мамлекеттик каттоо кызматтарында, айыл аймактарында жана башка бийлик органдарында кыймылсыз мүлк менен иш алып бара ала турган техник жерге жайгаштыруучулар даярдалат.

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

  • 111201 Ветеринария

Айыл чарба жана үй  жаныбарларынын илдеттерин алдын алууга, дарылоого, хирургиялык операцияларды масоого жана жасалма жол менен уруктандыруу иштерин жүргүзүүгө даяр ветеринардык фельдшерлерди даярдайт.

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

  • 080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп

Менчиктин бардык түрүндөгү мекеме, уюм, ишканаларда чарба жүргүзүүнүн анализин жана эсеп-кысап иштерин аткарууга даяр бухгалтерлер даярдалат.

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

  • 080106 Финансы (тармактар боюнча)

Каржы, банк жана кредиттик мекемелерде эмгектене ала турган финансисттер даярдалат.

 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ АЙЫЛ ЧАРБАСЫ - КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАСЫНЫН НЕГИЗИ

 Бардык адистиктер боюнча окуу мөөнөтү: 

Күндүзгү окуу формасы: 1 жыл 10 ай,  11-кластын базасында

2 жыл 10 ай, 9-класстын базасында

  Сырттан окуу формасы:  2 жыл 6 ай

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Көңүл бургула!     Бюджеттик негизде жалаң “5” деген бааларга окуган студенттердин стипендиясы 720 сомду түзөт.

Кабыл алуу https/2020.edu.gov.kg/spus/ автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен ишке ашырылат.

Тапшыруу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Абитуренттин арызы;
  • Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы;
  • № 086-У формасындагы медициналык справка;
  • 3х4 см өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • Аскер күбөлүгү же билети;
  • Паспорт жана башка күбөлөндүрүүчү документтерди көчүрмөлөрү менен кошо өздөрү көрсөтүлөт.

Биздин дарек:

Талас шаары, Ч.Айтматов көчөсү 303, телефон: 5-29-50,

Е-mail: [email protected]    Сайт: taek.edu.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер