АЙТМАТОВ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ ДАЯРДАЛУУДА
- 12.12.2024
- 0
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө КР Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Кыргыз улуттук Манас театрынын, Улуттук Манас академиясынын жамааты Ата-Бейитке барып улуу жазуучуну эскерип, куран окушту.
Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев залкар жазуучунун 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун, БУУнун масштабында өткөрүү керек экендигин баса белгилеп, институт тарабынан учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
- Жети жыл мурун Чыңгыз Төрөкуловичтин алдына келип үч томдук энциклопедия чыгарабыз деп ант берип кеткен элек. Кудайга шүгүр, 2018-жылы ишке ашырдык. Өтүп бара жаткан жылдын эсебинен дүйнө жазуучусунун чыгармаларынын кыргыз тилиндеги 12 томдугун демөөрчүлөрдүн эсебинен чыгардык. Ошондой эле мектеп программасына кирген чыгармаларынын толук топтому (хрестоматиясы) жана өз алдынча «Биринчи мугалим», «Делбирим», “Кыямат”, “Кассандра тамгасы” кыргыз тилинде басылды. Жазуучунун 100 жылдык юбилейине карата даярдыктар башталып, «Айтматов» энциклопедиясын жазуу үчүн Казакстан, Каракалпакстан, Татарстан, Азербайжан ж.б. мамлекеттер менен бирге иштешип жатабыз, — деди А.Акматалиев.
Бөлүшүү
Комментарийлер