АЙНУРА ЧОКМОРОВА «ОКУУ КИТЕБИ» БАСМА ҮЙҮНҮН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
- 07.04.2025
- 0
Айнура Чокморова Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Ал Билим берүү министрлигинин конкурстук комиссиясынын протоколунун негизинде 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Буга чейин доцент Айнура Чокморова И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин
«Чет тилдер» кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.
Бөлүшүү
Комментарийлер