АЙМАКТЫК ЖЕТЕКЧИЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ

  • 17.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана башка шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Аймактык бөлүктөрдүн жетекчилери республика боюнча ЖРТны өткөрүүгө жетиштүү деңгээлде даярдык көрүлгөнүн маалымдашты. Алар ЖРТ менен байланышкан бардык уюштуруу маселелери өз убагында жана толук чечилгенин айтышты.

Надира Джусупбекова азыр окуучулардын, алардын ата-энелеринин жана жакындарынын өмүрү, саламаттыгы баарынан маанилүү экенин белгилеп: “Пандемия шартында жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүдө балдардын ден соолугунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жана COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан сунушталган эрежелердин сакталышын, санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек”, – деди.

Бүгүнкү күнгө карата ЖРТдан өтүү үчүн 42 817 бүтүрүүчү каттоодон өттү, эртеңден тартып алар ЖРТны тапшыра башташат.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер