АЙМАКТЫК СЕМИНАР
- 22.12.2025
- 0
2025-жылдын 18-декабрь күнү Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде «Жаңылануу — жалпыбыздын максатыбыз!» деген темада башталгыч класстардын аймактык семинары болду.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин өткөн 2024-жылдагы №654 токтому менен бекитилген Кыргызстандын 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциянын жүзөгө ашыруу боюнча башталгыч класстарда аткарылып жаткан иштер талкууга алынды. Мектептин алдыңкы мугалимдери Момунова Айганыш , Нышанбаева Гулнур, Ботобекова Феруза 1-2-класстарга сабактарды өтүп беришти. Ошондой эле Кербен шаарында жайгашкан мектептердин да тажрыйбалуу мугалимдери да сабактарды өтүшүп, алдыңкы, заман талабына жооп берген усулдары менен бөлүшүштү. Айрыкча 1-2-класстардын (12 жылдык) окуу программалары, китептери жана аларды колдонуунун жолдору тууралуу кеңири сөз болду.
Ошону менен эле катар окуучуларды улуттук баалуулуктарды окуп, үйрөнүүгө, кастарлоого тарбиялоо максатында «Улутум — кыргыз» аттуу «Акыл ордо» билимдүүлөр сынагы уюштурулду.
Семинардын ишине М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин усулчусу, КРнын Эмгек сиңирген мугалими Жанузакова Уулжан эже жетекчилик кылды. Катышуучулар усулдук иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп бергендиги үчүн аталган мектептин эмгек жамаатына, окуу бөлүмүнүн башчысы Биримкулова Сүйүнбүгө, мектеп жетекчилигине, сабак өтүп берген ар бир мугалимге ыраазычылыктарын билдиришти.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Комментарийлер