АЙМАКТАРДАГЫ КИТЕПКАНАЛАР БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНА АЙЛАНАТ
- 18.07.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен бирге кол койгон меморандумдун негизинде аймактардагы китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт.
Меморандумдун негизинде мындан ары эки министрлик китепканалардын функцияларын натыйжалуу пайдалануу үчүн айылдык китепканаларды балдарды эрте өнүктүрүү борбору катары пайдалануу жана түзүлгөн борборлордун ишин уюштуруп, китепканачылар жана ага келген балдар үчүн окуу-тренингдерди заман талабына шайкеш келтирип иштетүү иштерин биргеликте алып барат.
Мындай максаттарга жетүү үчүн эки министрлик өз ара аракеттенип, балдарды өнүктүрүү борборуна келген ар бир баланын укуктарын сактоо жана коргоо, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн сапаты менен бирге борбордо эмгектенген кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт. Маселен, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айылдык китепканаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берсе, КР Билим берүү жана илим министрлиги өнүктүрүү борборлорунун кызматкерлеринин квалификациясын жана борборго келген балдарды окутуу жана өнүктүрүү үчүн модулдарды жана программаларды иштеп чыгат.
Учурда өлкө боюнча 932 айылдык китепкана бар. Колдонуудагы укуктук ченемдик актыларга ылайык, китепканалардын ишин жүргүзүү саясаты Маданият министрлигинде болсо, ал эми китепканалар жергиликтүү бийликтерге карайт. Ал эми Балдарды эрте өнүктүрүү борбору ишке киргизүү менен мектепке чейинки балдарды тарбиялоо жана аны мектепке даярдоо тарабы эми Билим берүү жана илим министрлигинде болмокчу.
Эми аймактарда, айрыкча тоолуу айылдарда жашаган үч жаштан жети жашка чейинки балдар бир жумада үч сааттан окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул биринчи кезекте алыскы жана жакынкы аймактардагы бала бакчалардын жетишсиздигин камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.
Балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү этап-этабы менен жүргүзүлмөкчү.
А.КАШЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер