АЙБИКЕ ТЕМИРКУЛОВА ДИПЛОМ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 13.06.2024
  • 0

АЙБИКЕ ТЕМИРКУЛОВА  ДИПЛОМ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫКыргызстандын ЮНЕСКО клубдарынын арасында өткөрүлгөн «Кыргызстандын дарыялары» аттуу балдардын  аймактар аралык сүрөт фестивалына Аксы районундагы М.Токтоболотов атындагы балдарга билим берүү борборунун «Чебер колдор» ийриминде тарбияланып жаткан окуучулар да активдүү катышышты. Бул окуучулардын арасынан Айбике Темиркулова аттуу окуучу диплом менен сыйланды. Ийримдин жетекчиси Авазбек кызы Наргиза окуучулары менен биргеликте кароо-сынактарга, иш-чараларга такай катышып, ийгиликтерди жаратып келүүдө.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер